Кадыржан Батыров Варшавадагы ЕККУнун жыйынында Кыргызстан бийлигин сындады

Кыргызстанда сыртынан соттолгон ишкер Кадыржан Батыров Польшада өтүп жаткан ЕККУнун жыйынында сөз сүйлөдү. Ал расмий Бишкекти оппозицияга басым көрсөтүп жаткандыкта айыптап, коомчулукту камакка алынган укук коргоочу Азимжан Аскаровго көңүл бурууга чакырды.

ЕККУнун 20-сентябрда адамдык ченемдер (HDIM) боюнча өтүп жаткан жолугушуусунда, Батыров сөз сүйлөп, Кыргызстандын бийлиги Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы турган оппозицияга басым көрсөтүүдө анын атын колдонуп жаткандыгын айтты.

«[Президент] борбордук аянттагы салтанатта Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүн ачык сынга алды. Аларды мени Кыргызстандан качып кетүүмө жардам берди деп айтты. Бул боюнча алар дагы жоопко тартылышы керекпи?», — деди ал.

Батыров Атамбаевдин Коституцияны өзгөртөм деген идеясын да сындады.

«Ал [Атамбаев] Конституцияны өзүнө ылайыктап, өзгөрткүсү келип жатат. Азыркы Баш мыйзам анын көңүлүнө толбой жаткан өңдүү. Ошондуктан, Убактылуу өкмөттүн [мурдагы] мүчөлөрү расмий түрдө каршы чыгып жатат», — деди ал.

Батыровдун сөзү

Батыров — Жалал-Абаддык жеке ишкер, Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек коомунун лидерлеринин бири. 2010-жылы Кыргызстан бийлиги аны түштүктөгү кыргыз жана өзбектерди чыр-чатакка үндөгөн деп айыптаган. Кийинчерээк, Батыров «куралданган козголоңчу» жана «улуттар аралык келишпестикти уюштурган» деген негиз менен сырттан соттолгон.

Батыров эч качан бул айыптоолорду моюнга алган эмес. Улуттар аралык чыр-чатак башталганга чейин эле Кыргызстандан чыгып кетип, Швециядан баш паанек алган.

Президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүн Кадыржан Батыровго дипломатиялык паспорт берип, качып кетүүсүнө көмөктөшкөн деп айыптаган.

Бул маселе боюнча, улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тергөө иштерин да баштаган, ал эми оппозициянын саясатчылары Батыровдун иши Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандарга карата кысым деп гана түшүнөөрүн айтышкан.

ТИМдин нараазычылыгы

Өз кезегинде, Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги ЕККУнун HDIM жыйынында Батыровго сөз сүйлөөгө уруксат бергендигине нараазычылыгын айтты.

«Кыргыз Республикасы кээ бир мамлекеттер жана уюмдар Батыровдой кылмышкерге сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берип, өзү жөнүндө эскертүүсүнө эл аралык аянтты колдонуп жатканына жана өзүн адам укуктарын коргоочу катары көрсөтүүгө көмөк көрсөтүп жатканына арсар ойдо калгандыгын жана түшүнбөстүгүн билдирет», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.  

ЕККУ азырынча кыргыз бийлигинин сынына жооп кайтара элек.

HDIM жыл сайын сентябрь айынын аягында Варшавада өтүп турат. Эки аптага созулуучу бул жыйында, ЕККУнун курамындагы мамлекеттердеги адам укуктары жөнүндөгү маселелер каралат.