ИИМ Батыров сүйлөп жаткандагы укук коргоочу Исмаилованын «жылмаюсун» текшерет

ЕККУнун Варшавада өткөн жыйынында соттолгон ишкер Кадыржан Батыров сөз сүйлөп жатканда, колдоп-кубаттагансып, «жылмайып, күлүп» жана «макулдугун билдиргендей түр көрсөткөн» укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованы Кыргызстандын Ички иштер министрлиги иликтөөгө алат. Юристтер болсо бул көрүнүштү «жез кемпирлерге аңчылык» деп сыпатташууда.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 20-сентябрда Варшавада өткөн ЕККУнун жыйынында Батыров менен катар отурган «Кыргызстандын жарандарын» жоопко тартуу үчүн «ыкчам иликтөөсүн» баштаганын айтты.

Ыкчам иликтөө иштери кыргыз парламентинин депутаттарынын демилгеси менен башталды.

Депутаттар Руслан Казакбаев менен Максат Сабиров укук коргоочу органдарды Батыров менен катарлаш отуруп алган кыргызстандыктарга «баа берүүгө» чакырды.

Алар Исмаилованын атын аташкан жок, бирок, Kloop.kgнин редакциясынын баамында дал Исмаилова болушу мүмкүн, анткени Батыров менен катарлаш отурган жалгыз кыргызстандык болду.

«Кадыржан Батыровдун жанында Кыргызстандын жарандары отурушат. Алар күлүмсүрөп, жылмайып Батыровдун сөзүн колдоп-кубаттап отурушту. Укук коргоо органдары бул көрүнүшкө баасын берет деп ойлойм», — деп билдирди 22-сентябрда парламент комитетинин жыйынында Казакбаев.

Жыйында ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров, Исмаилованы мыйзам чегинде жоопко тарта албай тургандыктарын билдирди.

Сырттан соттолуучу

Батыров — Жалал-Абаддык ишкер, Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек коомунун лидерлеринин бири.

Кыргызстан бийлиги 2010-жылы Батыровду улуттар аралык араздашууну козуткан деп күнөөлөгөн. Кийинчерээк, «куралданган козголоңчу» жана «улуттар аралык чыр-чатакты козуткан» деген айып менен сыртынан соттолгон.

Батыров болсо, күнөөлөрүн моюндабай келет. 2010-жылдын жаз айларында Кыргызстандан чыгып кетип, Швециядан баш паанек тапкан. Ал 2016-жылга чейин эл алдына чыкпай келген.

Көп жыл үн катпай жүрүп, акыры 20-сентябрь күнү адам укуктары темасына арналган Варшавадагы ЕККУнун жыйынында пайда болду.

Жыйында сөз сүйлөп жатып, Батыров Кыргызстандын бийлигин сындады. Ал оппозиция куугунтукталып жаткандыгын айтып, өлкөдө демократия жок экендигин да кошумчалаган.

Жыйында Батыров менен катар Кыргызстанда белгилүү укук коргоочу, «Бир-Дүйнө-Кыргызстан» кыймылынын лидери  Төлөйкан Исмаилова да отурган.

Батыров менен Исмаилова жарандык коом үчүн бөлүнгөн залда отурушкан.

«Жез кемпирлерге аңчылык»

Kloop.kgнин суроолоруна жооп берген юристтер жана укук коргоочулар, укук коргоо органдарынын Исмаилованы жоопко тартуусу үчүн себеп жок.

«Кадыржан Батыровдун [жыйында] сөз сүйлөөрүн баары билген. [ЕККУнун] өкүлдөрү ага саясий кол тийбестикти кепилдешкен. Исмаилова эмне кылуусу керек эле? Аны кайсы мыйзамдын чегинде жоопко тартышат, түшүнүксүз болууда», — деп билдирди «Прецедент»укук коргоочу тобунун юристи Эдиль Эралиев.   

Юрист Динара Муканбаева бул көрүнүштү «жез кемпирлерге аңчылык» деп атоодо — анын пикиринде, бийлик Исмаилованы жоопко тартуу үчүн түрдүү шылтоону табат, анын үстүнө Исмаилова Алмазбек Атамбаевди эл алдында сынга алып жүргөн.  

«Диктатор башкарып турган өлкөдө, бир адамга кылмыш ишин козгоо үчүн, издөөдө жүргөн "душмандын" жанында отурганынын өзү жетиштүү», — деди ал.  

Исмаилова Кыргызстанга келеби же жокпу азырынча белгисиз — укук коргоочу бул боюнча комментарий бере элек.

Варшавадагы жыйын — ЕККУнун жыл сайын өтүүчү адамдык ченемдер боюнча жолугушуусу — 30-сентябрга чейин уланат.

Видео: Азамат Каработоев, Азат Рузиев