Бүгүн парламентте Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду өткөрүү тууралуу мыйзам каралууда. Парламенттеги депутаттар конституциялык реформа боюнча жалпы элдик добуш берүүнү өткөрүү канчалык деңгээлде мыйзамдуу экендигин талашып жатышат.
Бүгүн конституциялык реформа боюнча референдумдун күнүн белгилөө тууралуу мыйзам боюнча парламенттеги жыйында алгачкы дебаттар өтүп жатат. Талашты жалпы элдик добуш берүү фактысынын өзү дагы, сунушталган реформалар дагы жаратууда.
Добуш берүүнү дайындоого укуктары барбы?
Мурунку башкы прокурор, учурда «Ата Мекендин» депутаты Аида Салянова: «Демилге көтөрүп чыккандар кайсы мыйзамдын негизинде депутаттар өзгөртүүлөрдү киргизип, аларды парламентке талкууга киргизүүгө акысы бар деп жатышат? Кана көрсөткүлөчү ошолорду?» — деп сурады.
Салянова депутаттар 2020-жылга чейин добуш берүүнү дайындоого акысы жок экенин белгиледи.
«Учурда референдумду дайындоо тууралуу мыйзамды депутаттар ага укугу жок туруп демилге көтөрүп жатышат. Референдум тууралуу парламенттин, өкмөттүн жана 10 миңдеген шайлоочулардын демилге көтөрүп чыгуусуна уруксат берүүчү мыйзам али күчүнө кире элек», — деди Салянова.
«Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев учурдагы Конституциянын 114-беренесинин 3-пунктуна шилтеме кылып: «Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмесинин демилгеси менен ошол Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам референдумга чыгарылса болот», — деди.
Салянова депутаттар Конституцияга 2020-жылга чейин оңдоп-түзөөлөр боюнча референдумга демилге көтөрүп чыгышса болорун айтты.
«Биз референдумга чыгарылчу мыйзамды көтөрүп чыга алабыз, бирок добуш берүүнү дайындоого акыбыз жок», — деди Салянова.
Комитеттеги добуш берүү «процедураларынын бузулушу» тууралуу талаш
«Бир Бол» фракциясынан депутат Чолпон Жакупова «Референдум тууралуу» мыйзам долбоору үчүн конституциялык мыйзам чыгаруу комитеттин мүчөлөрү тиешелүү деңгээлде добуш бербегенин билдирди.
«Долбоордун алынып салынуусуна төрт адам добуш берди — Шыкмаматов, Жакупова, Масалиев жана Төрөбаев. Алар чындап добуш берип кол көтөрүшкөн. Калгандары колдорун көтөрүшкөн эмес, башкача айтканда добуш беришкен жок. Бул добуш берүү иш жүзүнө ашкан жок дегенди билдирет. Мен аты аталып добуш берүүнүн жыйынтыгын берүүнү сурагам, анан эртең менен жооп алдым, анда төрт адам добуш берген. Демек, комитеттин чечими болгон эмес, биз бул маселени карай албайбыз», — деди ал.
Салянова Жакупованы колдоп, эгер комитетте төрт гана адам добуш берсе, анда бул маселени кароого болбостугун айтты.
Комитеттин төрагасы, КСДПнын депутаты Асель Кодуранова, Жакупова жыйында болуп жана ал жактагылар кантип добуш бергенин көргөн деп жооп кайтарды.
Канча сарпталат?
«Ата Мекен» фракциясынан депутат Наталья Никитенконун айтымында, жарандар Конституциядагы оңдоолор тууралуу эч нерсе билишпейт.
«Мен коомдук транспорт менен жумушка келем жана жарандардан оңдоолор тууралуу эмне билишээрин сурайм. Көрсө, такыр эч нерсе бишипейт экен. Силер эмне парламенттик угууларды өлкөнүн бардык региондорунда өткөрдүңөрбү? Силердин тегерек стөлдөрүңөргө өзүңөрдүн эле юристтериңер келишкен. Ошондуктан, бул элдин каалоосу деп айтуудан этият болсоңорчу», — деди ал.
Никитенко анда жана башка депутаттарда оңдоолордун акыркы тизмеги жок экенин айтып, референдумга канча каражат сарпталаарын сурады.
Финансы министринин орун басары Алмаз Азимов шайлоо менен референдумга 317 миллион сом кетээрин белгиледи.
«А силер элден сурадыңарбы, алар ошончо каражатты референдумга коротууга даяр бекен?» — деп Никитенко суроо узатты.
Азимов жергиликтүү кеңештин шайлоосу менен референдумду бирге өткөрүүнүн эсебинен бюджеттен кошумча 134 миллион сом гана корой турганын айтып, жооп кайтарды.
Референдумга даярдык кандай жүрүп жатат
Борбордук шайлоо комитетинин (БШК) башчысы Нуржан Шайлдабекова парламенттин жыйынында кошумча 474 аймак ачыларын айтты. Сентябрдын жыйырмасынан тартып шайлоочулардын тизмеги такталууда.
«Биз таза жана толук кандуу шайлоо өткөрүүгө даярбыз», — деди ал.
Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) башчысы Тайырбек Сарпашев референдумду өткөрүү үчүн шайлоочулардын тизмеги кайрадан такталарын белгиледи. Анын айтымында, операторлор кайрадан окутулат.
«Биз БШК менен кеңешип иш кылуудабыз жана кыйынчылыктар болбойт деген ойдобуз. Анын үстүнө бизге Кореядан келген адистер жардам беришет, алар шайлоо үчүн урналарды тейлешет», — деди ал.
Конституциялык реформа
Парламентарийлер Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу августтан тарта кеп кыла башташкан. Президент Алмазбек Атамбаев оңдоолорду колдоп, андан кийин фракциялардын лидерлери ал колдогон Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү вариантын алышкан.
Оңдоолорго ылайык премьер-министрдин ролу күчөтүлүп, сотторго болгон көзөмөл күчөйт. Ошондой эле оңдоолордо эл аралык келишимдердин улуттук мыйзамдын алдындагы артыкчылыктан баш тартуу тууралуу дагы жазылган.
Экс-президент Роза Отунбаева, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жана айрым депутаттар Конституцияга өзгөртүү киргизүүсүнө каршы чыгып жатышат.
Алардын аргументтери — 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө болбойт, оңдоолор өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн жок болуп кетүүсүнө алып келет деген жүйөлөргө негизделет. Ошондой эле, алардын пикири боюнча, парламент тиешелүү мыйзамды мыйзам бузуулар менен кабыл алууга аракет кылып жатат.
Оңдоолордун тарапкерлеринин оюна ылайык, өзгөртүүлөр өлкөнүн мындан да көз карандысызыраак болуусуна жана бийликтин узурпациясы менен күрөшүүсүнө көмөктөшөт. Алардын пикири боюнча, учурдагы Конституцияда мыйзам менен аткаруу бийликтеринин кызматташуусуна тоскоолдук кылуучу учурлар көп.
Соавтор: Сезим Каныбекова