Антимонополия агенттиги: Интернеттин баасы мурдагыдай калат

Мамлекеттик монополияга каршы агенттиктин директору Болсунбек Казаков Казакстан провайдерлери Кыргызстанга берилүүчү интернеттин баасын көтөрбөй тургандыгын билдирди.

Анын айтуусунда, 5-октябрда Астанада өткөн казак провайдерлери менен сүйлөшүүлөр өз жемишин берди. Анда белгилүү болгондой, кыргызстандык компаниялар үчүн интернет-трафиктин наркы мурдагы баасында калмай болду.

«Баалар мурдагы бойдон калды. Эми келишимде көрсөтүлгөн баалар менен сатып алабыз. […] Андан сырткары, ылдамдыкты түшүргөн ата-мекендик провайдерлер, колдонуучуларга мурдагы бааларды кайтарып бериши керек», — деди Казаков.  

Казаков билдиргендей, Казакстандын интернет-провайдерлери баалардын көтөрүлүшүн капиталдык салымдарга байланыштуу деп түшүндүрүштү — жабдык сатып алуу жана магистралдарды кеңейтүү.

«Ар бир компаниянын баалары ар түрдүү, мбит/сек үчүн $10-15тен башталат. Алдыда бааларды түшүрүүгө аракет кылабыз, себеби дүйнөлүк тенденциянын максаты ушундай. Жолугушуулар уланууда. Азыр болсо, июнь айына чейинки болгон баалар ордунда калды. Бирок, келечекте дагы арзандайт», — деди ал.  

Казаков белгилегендей, интернет-трафиктин баасынын көтөрүлгөнүнө кыргыз тарап нараазычылыктарын билдирген, ал эми казакстандык провайдерлер муну транзиттин кымбатташы менен түшүндүргөн эле.

Ал Кыргызстан транзиттин баасы төмөндөтүлөбү деген суроого жооп берген жок.

«Биз өз ара тил табыша алдык, ошондуктан баалар төмөндөдү. […] Бул коммерциялык сыр. Ар бир компания транзит үчүн өзүнө ыңгайлуу бааны коёт. Азырынча, аларды эч ким төмөндөтө элек», — деди ал.  

Ал тараптар тил табыша албай калган учурда, бул маселени евразиялык комиссия карамак деп айтты. Анын айтуусуна караганда, монополияга каршы мекеме казак компаниялары менен жашыруун келишим түзүлгөн деген аңыз кептер боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Казакстандын интернет-провайдерлери август айында кыргыз компанияларын интернеттин баасы көтөрүлөөрү тууралуу эскерте баштаган. Баалар мбит/сек үчүн $10-15дан $30-50га чейин көтөрүлүшү мүмкүндүгү күтүлгөн.

Бул Кыргызстандын интернетине дароо таасирин тийгизди. Айрым компаниялар өз абоненттерине баалардын кымбатташы жана ылдамдыктын төмөндөшү тууралуу эскертмелерди тарата башташкан.

Интернеттин 90 пайызын Кыргызстан Орусиядан сатып алып, ал Казакстан аркылуу жеткирилет. Мындан улам, жогорудагыдай кырдаал түзүлгөн болчу. Орус-казак чек арасында трафик 1$ мбит/сек. баада сатылат.

Кыргызстандын байланыш операторлорунун ассоциациясы Мамлекеттик монополияга каршы агенттиги менен биргеликте сентябрь айынан баштап, бааларды мурдагы калыбында калтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаган. Бул маселеде Байланыш операторлор ассоциациясы евразиялык комиссия жана Орусиянын Федералдык монополияны жөнгө салуу мекемесине кайрылууну айткан.

Евразия экономикалык комиссиясынын министри Нурлан Алдабергенов 30-сентябрда конференцияда билдиргендей, кырдаалды жөнгө салууда төрт компания биргеликте иш алып барган.  

Тема боюнча: Антимонополиялык агенттик: Казакстан интернет-трафик үчүн бааны көтөргөн эмес