Транспорт министрлиги: «Чайна Роад» «Лексусту» министрден өзү алды

Транспорт министрлиги кабарлагандай, жол салуу боюнча ири подрядчик «Чайна Роад энд Бридж Корпорэйшн» өзү министр Замирбек Айдаровдон «Лексус LX570» унаасын кайтарып берүүсүн өтүнгөн. Автоунаанын министр тарабынан пайдаланылышы кызыкчылыктардын кагылышына шек жараткан.

Министрликтин өкүлү Kloop.kgге кабарлагандай, «Лексус LX570» автоунаасын мекеме «Чайна Роадга» компаниянын демилгеси менен кайтарып берген.

Жол салуу боюнча ири подрядчиктин автоунаасында жүрүү факты серепчилердин шектенүүсүн жараткан. Серепчилер министр тарабынан кызыкчылыктардын кагылышы болуп, тергөө жүргүзүүгө түрткү болуп калышын айтышкан.

Мекеменин маалыматы боюнча, жаңжал коомчулукка белгилүү болуп калаары менен компания 10-октябрда унааны кайтарып берүүнү өтүнгөн. Ошол эле күнү тапшыруу акты даярдалып, «Лексус» компанияга өткөрүлгөн.

«Инвесторлор тынчтыкты сүйөт. Алар түшүндүрүп беришкен жок, эмне үчүн унааны кайтарып алганы боюнча жүйөөсүн да айтып беришпейт», — деди басма сөз катчы Кылычбек Досумбетов.

Министрлик Kloop.kgге «Лексус LX570» автоунаасын убактылуу пайдаланып туруу боюнча протоколдун көчүрмөсүн көрсөттү. Документке 2015-жылдын 28-июлунда ошол кезде министр кызматында турган Аргынбек Малабаев жана Кыргызстандагы «Чайна Роад» өкүлчүлүгүнүн директору тарабынан кол коюлган.

Протоколго ылайык, транспорт министрлиги «өндүрүүчүлүк максаттарга байланыштуу» «Лексус LX570» унаасын убактылуу пайдаланууга алып турган. Бирок протоколдо автоунааны министрлик тарабынан пайдаланып туруунун так убакыт ченемдери көрсөтүлгөн эмес.

Документ боюнча, бензинге кеткен каражатты мекеме өзү каржылайт. Бирок оңдоо, техникалык кызмат жана тетиктер менен камсыздоону «Чайна Роад» өзүнө алган. Документтин бул бөлүгү министрликтин мурадагы билдирүүсү менен дал келбейт. Анда мекемеден өз эсебинен унааны оңдогонун айткан. Бирок басма сөз катчысы түшүндүргөндөй, пайдалануу убагында унаа оңдоону талап кылган эмес.

«Чайна Роад» компаниясы коментарий үчүн жеткиликсиз бойдон калды.

Министрдин автоунаасы 6-октябрда кечинде министрликтин алдындагы Коомдук кеңештин мүчөсү Айнура Абдраева тарабынан сүрөткө тартылып алынган. Ал тартып жатканда министрдин айдоочусу Абдраевадан телефонун тартып алууга аракет кылып, сүрөттү өчүрүүсүн айткан.

Андан соң 24.kg маалымат агенттиги кабарлагандай, автоунаа «Чайна Роадга» таандык болуп чыккан. «Ачык бюджет» порталындагы маалыматка ылайык, жол куруу боюнча ири подрядчик «Чайна Роад» 2011-жылдан бери мамлекеттик бюджеттен 1,1 миллиард сом алган.

Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат министрдин ири подрядчиктин унаасын айдап жүргөнүндө, эч кандай кылмыш жана мыйзам бузууну тапкан эмес.

Башкы сүрөт иллюстративдик