ИИМ: Экстремизм менен күрөшүүчү кызматкер курал сатканы үчүн кармалды

Милиция ИИМдин «экстремизмге каршы» 10-бөлүмүнүн башчысын курал сатты деген шектенүү менен кармады. Мурда бул фактылар боюнча Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери кармалган.

Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкадыров ИИМ Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин жана ички иштер органдарынын кызматкерин курал сатканы үчүн кармаганын 21-октябрда билдирди.

«Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жана ардагери кармалды, ошондой эле ички иштер органдарынын азыр иштеп жаткан кызматкери, 10-бөлүмдүн башчысы кармалды», — деди ал.

Абдыкадыров бул иш менен Аскердик прокуратура алек болуп жаткандыктан, колго түшкөн куралдын жана жоопкерчиликке тартылган адамдардын саны тууралуу суроого жооп бере албай тургандыгын белгиледи.

Аскердик прокуратура менен Мамлекеттик чек ара кызматы курал сатуу боюнча ишке комментарий берүүдөн тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн баш тартышты.

«Заноза» маалымат агенттиги Мамлекеттик чек ара кызматынын складынан курал уурдашканы үчүн 26 офицер менен прапорщик кызматтан алынганын күч органдарындагы маалымат булактарына таянуу менен 12-октябрда кабарлаган эле.

Агенттиктин маалыматы боюнча, курал-жарактын сатылышы тууралуу маалымат ИИМге төрт милиция кызматкери кармалган Кыргызстандын түштүгүнөн келип түшкөн.

«Заноза» ишти иликтөө Чек ара кызматынын складына алып келгенин кабарлаган. Басылманын маалыматы боюнча, Чек ара кызматы менен Башкы штабдын прапорщиктери курал сатылып жатканынан кабардар болушкан, ал 2014-жылдан бери колдонууга жараксыз катары эсептен чыгарылып келген.

Маалымат агенттиги складдардын сакталышы үчүн жооп берген Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Таалай Усубалиев кадрлардын карамагына жөнөтүлгөнүн жазып чыкты. Борбордук аппаратта 14 офицер кызматтан алынган, курал сатылган складда да офицерлер менен прапорщиктер кызматтан четтетилген.

Басылманын маалыматы боюнча, 26 автомат, 14 Макаров тапанчасы жана ар кандай калибрдеги 13 миңден ашуун согуш патрондору жок болуп чыкканын текшерүү көрсөткөн.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын полковниги Майрамбек Мусиев Kloop.kgге Башкы штабдын айдоочусу курал сатканы үчүн кармалганын 5-октябрда билдирген.

«Автоматтарды мыйзамсыз сатып жаткан жеринен аскердик штабдын айдоочусу кармалган. […] Азыр тергөө жүрүп жатат, иштин чоо-жайы аныкталат», — деген ал.

Анын айтымында, Чек ара кызматынын прапорщиги да Чек ара кызматынын аскердик бөлүгүндөгү складдан автомат уурдады деген шектенүү боюнча кармалган. Алар кылмышка шериктеш болгон-болбогонун азырынча ал так айта албайт.