«Настоящее время»: Өзбекстан 2.0. Каримовдун өлүмүнөн кийин өлкө кандай өзгөрдү?

«Тыюу салынган» артистттердин акталышы, жарандыктан чыгууга жол ачылышы, онлайн даттануу жана Ташкенттин зоопаркына акыранын алынып келиши: Өзбекстандын жашоочуларынын эсинде Каримовсуз жашаган бир ай эмнеси менен калды?

Материалдын түп нускасы «Настоящее время» сайтында жарыяланган, макаланын автору Толкун Умаралиев.

Өзбекстан бир айдан ашуун убакыт бою Ислам Каримовсуз жашап жатат. Өлкөнү убактылуу Шавкат Мирзияев башкарып турат, президенттикке негизги талапкер да ошол. Ошол эле учурда Мирзияев премьер-министрдин ордун да ээлеп турат, ошондуктан Конституцияга ылайык президенттин милдетин өзүнө таптакыр албашы керек эле: ал милдет Сенаттын спикерине убактылуу өтүшү керек болчу.

Өзбекстандын жаңы жетекчисинин биринчи берген убадасы «Ислам Каримов баштап кеткен багытты улантуу» эле. Бирок ошол убадага карабастан, акыркы айда Борбор Азиянын калкы эң жыш жайгашкан бул өлкөсүндө көп жагынан дурус жана көптү үмүттөндүргөн өзгөрүүлөр болуп өттү. «Настоящее Время» алардын эң көрүнүктүүлөрүн баяндайт.

Арыздарды кабыл алыш үчүн виртуалдык кабылдама

Өзбекстандын жаңы башчысынын эл оозуна алынып, айрыкча коомдук тармактарда катуу талкууланган жаңы демилгелеринин бири — каалаган адам ага өз арыз-арманын айта турган веб-сайттын ачылышы. Расмий маалыматтар боюнча, акыркы эки жумада эле Мирзияевге 30 миңден ашуун кайрылуу келип түшкөн. Мурда Каримовдун тушунда Өзбекстандын карапайым жарандардын үнү президентке угулушу мүмкүн эмес болчу.

Жарандардын ыраазычылык каттары менен катар эле жасалган иштер тууралуу баяндамалар ЖМКда жана коомдук тармактарда жарыяланат. Виртуалдык кабылдама канчалык узак иштейт жана ал Мирзияевдин шайлоо алдындагы өнөктүгүнүн эле бир бөлүгүбү — аны айтыш кыйын.

Фейсбуктагы барак

Өзбекстанда биринчи жолу мамлекет башчысынын атынан коомдук тармактагы барак расмий иштей баштады. Маалыматтарда негизинен Мирзияевдин аймактарга барышы, чет өлкөлүк жетекчилер менен жолугушу, жаңы жарлыктар, кадрлардын дайындалышы жана виртуалдык кабылдаманын иши тууралуу сөз болот. Бирок ачыктыктын ушундай деңгээли деле Өзбекстан үчүн үч уктаса түшкө кирбеген нерсе. Бүгүнкү күндө баракчага 22 миңден ашуун колдонуучу жазылды. Каримовдун тушунда бийликтегилер эл менен сыналгы жана расмий сайттар аркылуу баарлашууну оң көрчү.

Кадрлардын дайындалышы

Президенттин ыйгарым укуктарын өзүнө алаары менен премьер-министр Ташкентте да, аймактарда да негизги кызмат орундарындагы адамдарды алмаштыра баштады. Кыска убакыттын ичинде ал өлкөнүн бир нече облустарына барып, дээрлик баарында жаңы кадрларды дайындады. Мурда Ислам Каримовдун чечими менен иштен алынган аткаминерлер айрым жетекчи кызматтарда кайрадан пайда болгону кызык.

Ошентип, кээ бир эксперттердин пикиринде, Өзбекстандын утурумдук башчысы «эмитен эле өзүн президент сезип, президент катары алып жүрөт» жана «жөн гана формалдуулук» болуп эсептелген президенттик шайлоо алдында кадрларды дайындоо аркылуу өз бийлигин бекемдөө менен алек.

Ишкерлерге ишарат

Шавкат Мирзияев чакан жана жеке ишкерлерге алардын жашоосун жакшыртаарын даана ишарат кылды. Ал Өзбекстанда Ишкерлик субъектилеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн институтун түзүүнү, башкача айтканда кандайдыр бизнес-акыйкатчы дайындоону сунуш кылды. Жаңы бийлик ошондой эле өз товарын өлкөдөн тышкары экспортко чыгарган өзбек фермерлерине жеңилдик берээрин жарыя кылды. Алар эми мамлекетке өзүнүн тапкан валюталык пайдасынын 25 пайызын гана сатууга милдеттүү. Мурда бул квота 50 пайызга жетчү, фермерлер валюталардын баасынын айырмасынан улам кирешесинин бир топ бөлүгүнөн кол жууп калчу, анткени Өзбекстанда доллардын расмий курсу базар баасынан эки эсе арзан.

Баса, доллар демекчи, Ислам Каримовдун көзү өткөн соң Америка валютасынын Өзбекстандагы расмий курсу алгачкы жолу 3000 сумдан ашып, ал учурда Ташкенттеги «көмүскө базарда» доллар 6500 сумдан сатылып жаткан. Жаңы бийлик өкүлдөрү азырынча валюталык саясатты өзгөртүү боюнча эч кандай кадамга бара элек.

Кокусунан жакшы боло калган кошуна

Өзбекстандын жаңы башчысы өлкөнүн тышкы саясатын дароо эле өзгөртө баштады. Бир айга жетпеген убакта ал Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан менен мамилесин жакшыртууга багытталган кадамдарга барды. Кийинки экөө менен болгон мамиле Ислам Каримов башкарган акыркы жылдары такыр эле солгундап кеткен: бул өлкөлөр менен Өзбекстандын чек арасы дээрлик толук эле жабык болчу.

Каримовдун өлүмүнөн соң бир нече күндөн кийин Ташкент Унгар-Тоодогу талаштуу аймакта камакка алынган төрт кыргызстандыкты бошотту. Ал эми Өзбекстандын Анжиян шаарына акыркы жылдары биринчи жолу кыргыз аткаминелрери менен журналисттеринин делегациясы келди. Өзбекстандын ушундай эле делегациясы октябрдын башында Тажикстандын чектеш Худжанд шаарына барып келди. Мурда Ташкент өз коңшуларына карата мындай достукту эч качан көрсөткөн эмес.

Эки паспорту барлар жарандыктан ажыратылат

Мирзияев жарандык тууралуу мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизди, алар жарандыктан чыгуунун жана андан ажыратуунун негиздерин конкреттештирет. Мурда мыйзамда андай негиздер дегеле болгон эмес, андыктан Өзбекстандын тургундары жарандыктан чыгууга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок болчу. Эми башка мамлекеттин жарандыгын алуу өзбек жарандыгынан ажыратууга негиз болот. Орус паспортун алып, өзбек жарандыгынан чыга албай көп жылдары күтүп жүргөн көптөгөн мигранттар жеңилирээк дем алып калышты.

«Тыюу салынган» артисттердин акталышы

Сахнага дароо бир нече белгилүү аристтер — Шерали Жураев, Юлдуз Усманова жана Обид Асомов кайтып келишти, акыркы жылдары аларга концерт берүүгө же сыналгы, үналгы аркылуу чыгып сөз айтууга көмүскө тыюу салынган. Андай тыюуга эмне түрткү болгону азырынча белгисиз. Бирок жакында ырчы Юлдуз Усманова өзбек оппозициясын сындап чыкты.

«Мирзияевдин» акырасы

Ташкент зоопаркында Өзбекстандын тарыхында биринчи жолу акыра пайда болду. «Чет элдик» жаныбарды октябрдын башында коңшулаш Казакстандан алып келишти. Коомдук тармактарда Алатауну (экзотикалык жаныбарды ушинтип атап алышкан) Шавкат Мирзияев өзү алып келген деп тамашалап жатышат. Бирок акыранын Ташкентке келишине Өзбекстандын жаңы башчысы тиешеси барбы — ал да азырынча белгисиз.

***

Өзбекстандын жаңы жетекчилиги алмаштырууга азырынча шашылбай турган бир катар нерселер — өлкөнүн биринчи президентин батыш саясатчылары жана эл аралык укук коргоо уюмдары дайыма сынга алышына негиз болуп келген сөз эркиндигине кысым көрсөтүү, оппозицияны куугунтуктоо жана адам укуктарын жапырт бузуу — дагы эле бар экенин белгилей кетүү зарыл.

Өзбекстанда «Азаттык» жана ВВС үналгыларына бөгөт коюлган. Дүйнөнүн эки гана өлкөсүндө — Түндүк Кореяда жана Өзбекстанда — колдонулган «кирүү визасы» эмгиче жокко чыгарыла элек. Анысы аз келгенсип, миңдеген студенттер жана бюджеттик тармактарда иштегендер мамлекеттик плантацияларда пахта терүүгө мажбур. Саясий туткундардын тагдыры өкмөттөгүлөрдүн эч кимисин кызыктырбайт, ал эми Ислам Каримовдун тушунда бийлик түрмөгө салууга үлгүрбөй калган өзбек оппозициясы чет өлкөдөн ишин улантууда.

***

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов 2-сентябрда 78 жашында инсульттан каза тапкан. Жаңы мамлекет башчысын шайлоо 4-декабрда өтүшү керек. Президенттик орун үчүн Шавкат Мирзияев менен катар дагы үч талапкер ат салышат, бирок алардын атагы кыйла азыраак.