Өзбек милициясы төрт кыргызстандыкты бошотту

Өзбекстан Унгар-Тоодогу радиорелейлик бекеттин төрт инженерин Кыргызстанга өткөрүп берди. Бул боюнча Жалал-Абад облустук ИИБнын билдирүүсүнө таянып «Азаттык» радиосу маалымдады.

Бекеттин жумушчулары 24-августа кармалган болчу. Ошондон берки Кыргызстан менен Өзбекстан тараптын бир нече жолку сүйлөшүүлөрүнөн кийин бошотулууда.

«Азаттыктын» маалыматы» боюнча, өзбек тарап Орто-Токой суу сактагычынын кароолчуларына алмашуу талап кылган, бирок азырынча, Кыргызстандын буга макул болуп-болбогону белгисиз.

Кыргызстан 13-августта Ала-Бука районунда чек араны бузганы үчүн Өзбекстандын милициясын кармаган. Андан кийин өзбек милиционерлери Унгар-Тоодогу «Кербен» радиорелейлик бекетинин төрт инженерин кармап кетишкен.

Тема боюнча: Унгар-Тоо: Өзбек милициясы төрт кыргызстандыкты кармап кетти

Кармалган инженерлер Урманов, Бердалиев, Ташматов жана Усупбаев Өзбекстандын Янгикурган милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Өзбекстандын чек ара кызматы кыргыз жарандарын кармап кетүүсүн «Өзбекстандын ИИМи атайын операция жүргүзүп жаткан убакта Кыргызстандын жарандары алардын өлкөсүнүн аймагында мыйзамсыз жүргөндүгү» менен түшүндүрүүдө.

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматы боюнча, инженерлерди кармап кетүү «негизсиз», анткени окуя болгон Унгар-Тоосу макулдашылбаган аймак болуп эсептелет.

Чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 6-сентябрда билдиргендей, кыргызстандыктардын камалышы — мыйзамсыз, андан сырткары өзбек тарап кармалгандарга адвокаттардын тобун киргизбей жаткан. Инженерлерди кармап кеткенден кийин Кыргызстанда адам уурдоо боюнча кылмыш иши козголгон.

Унгар-Тоодогу абал 22-августта өзбек милициясынын жети кызматкери түшүрүлгөндөн кийин курчуду.

Кыргыз чек ара кызматынын маалыматы боюнча, тоого маал-маалы менен көзмөттүн курамын алмаштыруу, азык-түлүк таашып туруу үчүн Өзбекстандын тик учактары конууда. Милиция кызматкерлеринин саны өсүп 20 кишиге жеткен.

Тема боюнча: Өзбекстан менен чек арада аскердик техника. Эмнелер белгилүү?

Сүрөт: Knews