Кыргызстандын бийлиги «порнографиялык» жана «таш боор» фильмдерге тыюу салды

Өкмөт «порнографиялык» деген категорияга кире турган «аудиовизуалдук өндүрүмдү» көрсөтүүгө тыюу салды. Эмне порнография болоор-болбосун атайын мекеме аралык комиссия аныктайт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков порнографиялык же таш боордук менен зомбулуктун сценалары бар деп эсептелген фильмдерди Кыргызстанда көрсөтүүгө тыюу салган өкмөттүн токтомуна 14-октябрда кол койду. Ал 24-октябрдан тартып күчүнө кирет.

Мыйзам долбоорун сунуш кылгандардын бири, Маданият министрлигинин алдындагы кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев Kloop.kgге кино боюнча мекеме аралык комиссия өз тыянагына таянуу менен айрым фильмдерди көрсөтүүгө тыюу салаарын айтты.

«Андай фильмдерди бүт Кыргызстандын аймагында — кинотеатрларда да, сыналгыда да — көрсөтүүгө тыюу салынат, тыюу Интернетке да тиешеси болушуна аракет кылабыз. Эл алдында көрсөтүү, пайдалануу жана жайылтуу болгон бардык жерлерде. Токтомдо тыюуга фильмдеги порнография, таш боордук, зомбулук сценаларынын болушу башкы негиз боло тургандыгы жазылган»,— деди ал.

Бектеналиевдин айтымында, бул комиссия токтом кол коюлгандан тартып бир ай ичинде түзүлөт.

«Ага бардык мамлекеттик органдардын ушул маселеге тиешелүү адамдары кирет, алар аныктайт. […] Комиссияга психологдор, психиатрлар, сексопатологдор кирет», — деди ал.

Анын айтымында, Кыргызстанга келип жаткан фильмдердин баары өтө турган кинофонд бар, алар ошол жакта катталат.

«Эгерде ал кинофонддо тигил же бул фильм боюнча күмөн пайда болсо, ал аны комиссияга жөнөтөт», — деди ал.

Бектеналиев азыр колдонууда тыюуга туура келе турган кинотасмалар жок экенин айтты.

«Зомбулук жана порнографиялуулук жагынан фильмдер дайыма байкоого алынып турат, адатта биз жөн гана сотко кайрылабыз. Эми болсо Кыргызстандын аймагында көрсөтүүгө сунуш кылынып жаткан кино жана видео фильмдерди аудиовизуалдык текшерүү боюнча мекеме аралык эксперттик комиссияга жөнөтүп турабыз», — деди ал.

«СоКино» сын тобу тыюуга байланыштуу таң калганын билдирди, анткени топтогулардын пикири боюнча мыйзам долбоорунда порнографиялуулукту аныктоонун так чен-өлчөмдөрү аталган эмес.

Топ порнография катары кадимки эротика да таанылышы мүмкүн экенин белгилейт.

«Мисалы, "жарым жылаңач кыз керебетте отуруп алып бир нерсе окуп атканы" тууралуу кадрлар дейли. […] Баалаганга так чен-өлчөм керек, ал эми жободо че-өлчөмдөр көрсөтүлгөн эмес», — деп билдирди топ өз сайтында.

Сын тобу кино боюнча мекеме аралык комиссиянын компетенциясынан да күмөн санады. Топтогулар «эл ичинде маалыматтык стереотип калыптанып»  калгандыктан, «кыска юбка кийген кыз»  деле порнография катары көрүнүшү мүмкүн деп эсептешет.

2016-жылдын токтомунун долбооруна ылайык, фильмдерге тыюу салуунун чен-өлчөмдөрү:

  • көркөмдүк баалуулугу жок, ачыктан ачык жыныстык катыш көрүнгөн порнографиялык сценалар;
  • зоофилия же айбанаттар менен жыныстык катыш;
  • некрофилия (өлүктөр менен жыныстык катыш);
  • жыныстык зомбулуктун сценалары;
  • коомдук адеп-ахлактын принциптерине карама-каршы келген сценалар жана материалдар;
  • жыныс органдарын одоно-натуралисттик, уятсыз чагылдыруу, жыныс органдарын атайылап майда-баратына чейин көрсөтүү;
  • адамдын ар-намысын кемсинте турган жыныстык катнаш, жыныстык аша чабуу сценалары;
  • бийликти күч менен басып алууга жана күч менен кармап калууга үгүттөө;
  • мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө үндөө;
  • мамлекеттин эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн бузууга үгүттөө;
  • коомдук коопсуздукка күч менен кол салууга, анын ичинде мыйзамсыз куралдуу топторду уюштурууга жана аларга катышууга үгүттөө;
  • согушка, зомбулукка жана таш боордукка үгүттөө;
  • терроризмди актоо жана башка террористтик ишмердүүлүккө колдоо көрсөтүү;
  • нацисттик атрибутикага же символикага, же болбосо нацисттик атрибутикага же символикага аралашып кеткидей деңгээлде окшош болгон атрибутика менен символикага үгүттөө;
  • көркөм мүдөө актаган учурлардан тышкары, мыйзамдуу бийликти күч менен кулатууга чакырган жана үгүттөгөн, тыюу салынган террорчул уюмдардын башка символикасына үгүттөө;
  • социалдык, расалык, улуттук жана диний чатакты козгоо, социалдык, улуттук, диний же тилдик өзгөчөлүгүнө карата адамдын артыкчылыгын же кемчилигин үгүттөө;
  • улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандыруу;
  • жарандык жана улуттук этика нормаларын бузуу, мамлекеттик символиканын атрибуттарын мазактоо (герб, туу, гимн);
  • баңгизаттар же психотроптук заттар тууралуу алар даярдала турган жерлерди жана ыкмаларды, анын ичинде тиешелүү өсүмдүктөрдү өстүрүү, ошондой эле аларды кайсы жерден кандай шартта сатып алса болоорун айткан кандай гана маалыматты болбосун камтыган, баңгизаттарды даярдап, таркатып же колдонгон кишилердин жакшы образын жаратууга багытталган үгүттөө же маалымат;
  • өзүн өзү өлтүрүүгө чакыруу же өзүн өзү өлтүрүүнүн сюжеттери жана өзүн өзү өлтүрүүнү колдогон жүйөлөр.

Сүрөттө: Режиссер Нурбек Эгендин «Ээнсиреген үй» тасмасынан алынган кадр