Аскаровдун иши: Адвокаттар укук коргоочу качан камакка алынганын билгенге аракет кылышууда

Сот укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо боюнча үчүнчү отурум өткөрдү. Укук коргоочу жана анын адвокаттары Аскаров 15-июнда кармалганын жана ага адвокат берилбегенин айтышууда. Күбөлөр бул маалыматты четке кагып жатышат.

Сот жараяны Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Коштомо күзөт департаментинде, өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун катышуусунда өттү.

Судьялар айыптоочу тараптын эки күбөсү — 2010-жылы Базар-Коргон районунун прокурорунун орун басары болуп турган Жамиля Туражанованын жана Жалал-Абад облусунун прокурору болуп турган Орозбек Бердибаевдин — көрсөтмөлөрүн укту.

Туражанова сотко милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановдун денеси кантип табылганын айтып берди.

Анын айтымында, прокуратурага Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон айылынан анча алыс эмес жердеги Кара-Үңкүр суусундагы көпүрөдө эки миңдей киши чогулганы тууралуу маалымат келип түшүп, ал жакка милиционерлер жөнөтүлгөн. Алардын бири кайтпай калып, көпүрөгө экинчи топ жөнөтүлгөн.

«Биз ал жакка экинчи топту жөнөтүп, ал кайтып келгенде Сулайманов жок болуп чыкты. Андан кийин аны алып келишти. Ал кансырап жаткан экен», — деди ал.

Туражанова милиция кызматкери ооруканага жеткирилгенге чейин каза тапканын билдирди. Ал сотко көпүрөдө болбогонун жана ал жакта Аскаровду көрбөгөнүн айтты.

Анын айтымында, прокуратура «киши өлтүрүү», «улут аралык кастыкты когоо», «бийликке каршылык көрсөтүү» беренелери боюнча иш козгоп, Аскаров иликтөөгө адегенде күбө катары тартылган.

Коргоочу тарап Аскаровдун укуктары бузулганын, ага адвокат өз убагында берилбегенин далилдеш үчүн анын качан камакка алынганын билгенге аракет кылды.

Аскаров убактылуу кармоо изоляторуна (УКИ) 15-июнда мыйзамсыз камалганын айтты.

«Эки сааттын ичинде мага адвокат берилиши керек эле. Мен 17сине чейин адвокатым болгон жок. Эмне үчүн? […] Мен кармалган биринчи күнү киши колдуу болгон милиционер жөнүндө бир ооз сөз болгон эмес. Мени суракка алгандар мени шылдың кылып, документтерге кол коюшумду талап кылып коркутушту», — деди Аскаров.

Туражанованын айтымында, 15-июнда көпүрөдөгү башаламандыктан кийин Аскаров прокуратурага күбө катары жеткирилген — ал эми суракка алынган соң дароо коё берилген.

Коргоочу тарап Аскаров 15-инюда камалганын айтып көшөрүүдө, анткени анын камералашы Мавлянбек Мамыржанов ошол маалыматты ырастап жатат.

Туражанова өз жообунда Аскаров суракка алынгандан кийин аны кабинеттен алып чыгып кетишкенин, анын кайда жүргөнүн билбей турганын, аны кайра 16-июнь күнү эртең мененки саат 9да көргөнүн айтты.

Андан кийин сот Орозбек Бердибаевди чакырып, ал Аскаровду 15-июнда камерада көргөнүн, бирок ал УКИ эмес, «административдик камера» болгонун айтты.

«Мен андан “Сизди кыйнашкан жокпу, же дагы башкача жаман мамиле кылышкан жокпу” деп сурадым. Ал “жок” деди. Мен дагы бир жолу сурадым, ал болсо анын укук коргоочу экенин баары билээрин айтты», — деди ал.

Аскаровдун айтымында, ал таяк жегенин каттатыш үчүн сот-медицина экспертизасын өткөрүүнү талап кылган, бирок түн ичинде ага беш киши келип, эгерде өз арызынан баш тартпаса таңга чейин тирүү жетпей калаарын айтышкан.

Сот 1-ноябрга чейин тыныгуу жарыялады. Кийинки отурумда Аскаров менен кошо соттолуп, Жалал-Абаддын түрмөлөрүнүн биринде кармалып турган адамдарды суроо пландалууда.

Мурдагы отурумдар

Сот «массалык баш-аламандык уюштургандыгы», «киши өлтүрүүгө катышкандыгы» жана «улут аралык араздашууну козгогону» үчүн өмүр бою абакка кесилген Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо боюнча буга чейин эки отурум өткөргөн.

Биринчи отурумда сот киши колдуу болгон Сулаймановдун жесиринин жана күбө болгон милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн укту. Алты күбөнүн үчөө Сулайманов курман болгондо Аскаров көпүрөдө болгон-болбогонун эстей албаганын айтышты.

Калган үч милиция кызматкери Аскаровду нааразылык акциясынын арасында көрүшкөнүн айтышты, бирок анын кебетеси кандай болгонун жана ал күнү эмне кылганын сүрөттөп бере алышкан жок.  Алар анын «кыргыздарды өлтүрүүгө» үндөп жүргөнүн айтышты, бирок окуя кандай болгонун так айта алышкан жок, анткени 30 метрден 150 метрге чейинки аралыкта турушкан.

Аскаров милиция кызматкерлеринин көрсөтмөсү калп деп билдирди. Анын айтымында, ал укук коргоочу болуп иштеп жүргөндө алардын мыйзам бузган иштерин иликтеген жана күбө катары өтүп жаткан милиция кызматкерлеринин бирөөнө каршы кылмыш иши козголгон.

Сот экинчи отурумда алты күбөнүн — Базар-Коргондун акиминин, Базар-Коргондун прокурорунун, Улуттук коопсуздук кызматынын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысынын жана УКМКнын эки кызматкеринин — көрсөтмөлөрүн укту. Ошондой эле Аскаров кармалгандан кийин аны менен кошо УКИде кошо отурган камералашы да көрсөтмө берди.

Прокурор көпүрөдө болбогонун жана Аскаровду көрбөгөнүн айтты. Өз көрсөтмөлөрүндө ал укук коргоочуну кимдир-бирөөлөр кыйнаганы тууралуу маалыматты четке какты.

Аким жана УКМК өкүлдөрү Аскаровду көргөнүн айтышты, бирок ал жакта ал эмне кылып жүргөнүн сүрөттөп бере алышкан жок.

Аскаровдун камералашы камерада Аскаровду сабап салганын айтты. Аскаров болсо анын көпүрөдө болгону тууралуу көрсөтмөлөр калп экенин айтты.

Сот эки отурумда тең Аскаровду камактан бошотууну суранган коргоочу тараптын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Сот жараянынан тексттик трансляция:

 

Тема боюнча: Аскаров бошотулган жок, күбөлөр баш-аламандыктын жагдайларын «эстей албай» жатышат

Аскаров өзү ким?

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндө жашаган этникалык өзбек жана укук коргоочу. Ал милициянын кыйноолору тууралуу маалымат бергени менен белгилүү болгон. 15 жыл аралыгында «Аба» укук коргоочу уюмун жетектеген.

Аскаров 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык чыр-чатакта кармалган. Укук коргоо органдары билдиргендей, Аскаров Бишкек-Ош жолун тосууну уюштуруп, милиция кызматкерлерин сабап, бир кызматкерди өрттөп жиберген.

Базар-Коргон соту Аскаровду «баш аламандык уюштургандыкка», «улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козуткандыкка» жана «адам өлтүрүүгө катышууга» айыптаган. 2010-жылдын аягында, сот Аскаровду өмүр бою тор артына камаган, бирок Аскаров күнөөсүн мойнуна албай келген. Аны менен кошо дагы сегиз адам абакка киргизилген.

Аскаровдун жактоочулары бул айыптоолор «негизсиз» деп айтып келишет. Күбөлөр болсо, Аскаров окуя болгон жерде жок болгондугун тастыкташкан.

Соттун чечиминен кийин, укук коргоочунун жактоочусу Валерьян Вахитов бардык жараяндар мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыккан. Анын айтуусунда, укук коргоочунун үйүндө үй ээлери жокто тинтүү болгон жана далилдер «жетишсиз».

Көз карандысыз эксперттер, укук коргоочу кыйноолорго кабылганын жана Кыргызстандын бийлиги анын даттанууларына көңүл бурбагандыкка айыпталганын билдиришкен. Андан тышкары, иликтөө жараянында процессуалдык нормалар бузулганын жана Аскаровдун коргонуусуна мүмкүнчүлүк берилбегенин да кошумчалашты.