Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөргө макул болбой, Исаев «Кыргызстан» фракциясынын жетекчилигинен кетти

Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын жетекчиси Канат Исаев кызматтан кетти, анткени ал конституциялык референдумду колдобойт.

Исаев «Кыргызстан» фракциясынын жетекчисинин кызматынан кетишин Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөргө макул болбогону менен түшүндүрдү — анын айтымында, ал өз эрки менен ыйгарым укуктарын өткөрүп берди, эми «Кыргызстандын» жетекчиси Алмазбек Баатырбеков болмокчу.

«Азаттык» үналгысына курган маегинде ал Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн айынан «Кыргызстан» фракциясы түзөтүүлөрдү колдогон жана ага каршы чыккан топ болуп экиге бөлүнүп кеткенин айтты.

«Өзгөртүүлөргө каршы чыккандардын арасында мен да бармын. Менин көз карашым “Ата Мекендики” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен шайкеш болчу. Бул жагдай “Кыргызстан” фракциясынын көпчүлүк коалицияга киргизилишине таасир тийгизиши мүмкүн эле», — деди Исаев.

«Азаттыктын» маалыматына караганда, Баатырбеков «Кыргызстандын» парламенттик көпчүлүк коалициясына кириши боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

Президентти жактаган КСДП фракциясы коалициядан чыгып кеткен соң ал тарап кеткен. Социал-демократтар бул кадамын конституциялык реформа боюнча «коалициядагы айрым өнөктөштөр менен болгон карама-каршылыктар» менен түшүндүрүшкөн.

Мурдагы парламенттик коалицияда төрт фракциянын экөө — Өмүрбек Текебаев жетектеген «Ата Мекен» жана Бакыт Төрөбаев баштаган «Өнүгүү-Прогресс» — өзгөртүүлөргө макул болушкан эмес.

Азыр жаңы коалицияны социал-демократтар түзмөкчү — президент Алмазбек Атамбаев аларга бирикме түзүүгө мандат берди.

Божомол боюнча, коалицияга Өмүрбек Бабанов жетектеген «Республика — Ата-Журт» кириши мүмкүн — анын фракциясы КСДП менен «көз карашы окшош экенин» билдирген.

Эгерде социал-демократтар менен «республикачылар» кепке келишсе, алар экөөлөп эле көпчүлүк коалицияны түзө алышат. Экөө бириккенде алар 120 орундун 66сына ээ болушат. Азыр башчысын алмаштырган «Кыргызстан» да коалицияга кошулуп кетиши толук мүмкүн.

Калган фракциялар — «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Бир Бол» — конституциялык реформа боюнча карама-каршылыктардан улам коалицияга кириши күмөн.

Тема боюнча: Мен саясатты түшүнө бербейм. Парламенттик коалициянын ыдырашы эмнени билдирет?