Табып Зайналиевден дарыланып жаткандар анын клиникасын жаптырбай коюшту

Саламаттык сактоо министрлиги ИИМ менен кошо табып Ашим Зайналиевдин менчик клиникасын жапканга аракет кылышты. Медицина кызматкерлери 16 бейтапты Улуттук онкологиялык борборго которгонго аракет кылышты. Бирок алар дарыгерлер менен кошо баруудан баш тартып, табыптын клиникасында калышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин жана ИИМдин кызматкерлери 28-октябрда «мыйзамсыз дарылаганы» үчүн кылмыш иши козголгон табып Зайналиевдин клиникасын жапканга аракет кылышты.

Бирок дарыгерлер менен милиционерлердин аракети ишке ашкан жок. Бейтаптардын стационардык дарыланышы үчүн Улуттук онкология борбору орун бөлүп бергенине карабастан, алар клиниканын палатасынан кетүүдөн баш тартышты.

Бир дагы бейтап мамлекеттик ооруканага которулууга макул болгон жок, анткени алардын айтымында, табыптын дарылаганы оң натыйжа берүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү Зайналиевдин колунда дарылангандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөн башка айласы калган жок.

«Биз ар бир оорулуу менен сүйлөшүп, ооруканага которулууга көндүргөнгө аракет кылып көрдүк, бирок учурда алардын баары ооруканага жатуудан баш тартышты. Биз аларды күч менен ооруканага жаткырууга акыбыз жок», — деди Бишкектин саламаттык сактоо департаментинин башчысынын орун басары Тилек Жантайбеков.

Өзү үйрөнгөн дарыгер

Зайналиев медициналык билими жок экенин жана лицензиясы жок иштей тургандыгын мойнуна алды. Айтымында, акыркы төрт жыл ичинде өзүнүн күнүмдүк тажрыйбасында колдонгон дарылоо ыкмаларына Орусиянын Казан шаарындагы клиникада иштеп жүрүп үйрөнгөн.

«Оорукчан адамдар жардам сурап жатышса эмне кылайын? Лицензиям жок деп айтайынбы? […] Мен Саламаттык сактоо министрлигине лицензия берүүнү өтүнүп төрт жолу кайрылдым. Аларда ошол документтер сакталып турушу керек болчу. Мага лицензия беришкен жок», — деди Зайналиев.

Клиниканын прейскуранты боюнча стационарда дарыланган ар бир күн эки миң сом турат, бирок бейтаптар Зейналиев акчадан баш тартып жатканын айтышты.

Табыптын сөзү боюнча, дарылоо курсу табигый дармектерди — чөптөрдү жана кайнатмаларды колдонуудан турат.

«Мен ага [Зайналиевге] айттым: “Мени жакшы карасаң, мен акыңды төлөп берем, менин чарбам бар” дедим. Ал [Зайналиев] "Мага төлөбөй эле коюңуз, [дарылоону] төлөй албагандарга [клиниканын башка бейтаптарына], жардам бериңиз" деди», — дейт клиникадагы бейтаптардын бири.

Бейтаптар ыраазы

Бейтаптар Kloop.kgнин кабарчыларына табыптын лицензиясы жок экенин билишээрин, бирок ага кабатыр эмес экенин айтышты. Алардын сөзү боюнча, Зайналиевдин ыкмасы менен дарылоо оң натыйжа берүүдө.

«Мен абдан оорукчанмын, дээрлик өлгөнү жатам. […] Ушундай оору менен оорусаң дарыгердин лицензиясын сурап отурмак белең?» — деди бейтаптардын бири.

Бейтап Гульнурия Жанжабаева Улуттук онкология борбору анын шишиги «операцияга жарабай» турганын айтып дарылоого кабыл албай койгонун айтты.

«Мен деле жашагым келет. […] Мен бул жакта дарылангандан бери өзүмдү жакшы сезе баштадым. Өлүп калсам деле мен бул кишиге ыраазымын», — деди ал.

Зайналиевде дарыланган дагы бир аял анын клиникасына келген себебин мамлекеттик оорукана жардам бербей коюшу менен түшүндүрдү.

«Мен химиотерапияны абдан начар көтөрдүм. […] Ал жакта [ооруканада] мага жардам бербей коюшту, анан мен бул жакка [табыпка] кайрылдым. Мен тамак иче алчу эмесмин, балдак менен жүрчүмүн. Бул жакта дарылангандан кийин тамак иче баштадым, өзүм заара кылганы бара алам», — деди ал.

Клиника ишин улантууда

Зайналиевдин клиникасын жабуу жөнүндө Саламаттык сактоо министрлигинин убадасына карабай, бейтаптары мамлекеттик ооруканага баруудан баш тарткандыктан ал дагы эле иштеп жатат.

ИИМдин басма сөз борборунун кызматкери Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге азыр бул иш боюнча «тергөө иштери жүрүп жатканын» айтып, бирок анын чоо-жайын тактагандан баш тартты.

«Прецедент» компаниясынын юристи Эдил Эралиев «клиника эмне үчүн ушул убакка чейин иштеп жатканын түшүнбөй турганын» айтты.

«Лицензия жок болсо, клиника да жок болушу керек. […] Аны [клиниканы] эчак эле жабыш керек эле, киши өлөөрү менен жабыш керек болчу. Мен анын ушул убакка чейин кантип иштеп келгенин билбейм, анткени Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиясы болмоюнча бир дагы медициналык мекеме иштей албайт», — деди юрист.

Эралиев «мыйзамсыз дарылоо» боюнча айыптоо жетишсиз деп эсептейт. Анын айтымында, лицензиясыз иштеген дарыгерлер башка беренелер боюнча да жоопко тартылышы керек.

«Бул иш боюнча алар [укук коргоо органдары] жыйынды катары 97-беренени — “киши өлтүрүү” же 104-беренени — өлүмгө алып келген “[денесине оор жаракат] келтирүү” кошушса болмок, анткени бул жерде киши өлтүрүү фактысы бар», — деди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Бурул Арзыкулова табып көкүрөк безин кесип салган аялдын өлүмү боюнча кылмыш иши жабылганын айтты. Анын айтымында, каза тапкан аялдын туугандары табыпка эч кандай дооматы жок экенин айтып, арызын кайра алып алышкан.

Эралиев «бул кылмыш көз көрүүнө жасалган», андыктан укук коргоо органдары баары бир иликтөө жүргүзүшү керек болчу деп эсептейт.

«[Кылмыш иши] укук коргоо органдары тарабынан жабыр тарткан тараптын арызы болсо-болбосо да козголуп, иликтенсе болот, анткени мындай учурда табып ушундай [лицензиясы жана медициналык билими жок] дарылоону уланта берип, анысы башка курмандыктарга алып келиши мүмкүн», — деп эсептейт юрист.

Дарылоонун көнүмүш эмес ыкмалары

Июлдун башында бул клиникада Зайналиев көкүрөк безинин төртүнчү даражадагы өсмөсүнөн дарылаган аял өлүп калган. Ооруну жеңиш үчүн табып көкүрөк безинин жабыркаган ткандарын алып таштоо боюнча операция жасамакчы болгон. Ал өз операциясын анестезиясы жок жасаган. Окуя болгон жерге жетип барган тез жардамдын дарыгерлеринин айтымында, бейтап аял алар келгиче эле өлүп калган.

Табып Ашим Зайналиев бейтаптарга карата дарылоонун көнүмүш эмес ыкмаларын колдонот. Жатын моюнчасынын өсмөсүн табып жатынга ийне сайып дарылайт — ал эритименин курамы белгисиз.

Саламаттык сактоо департаментинин өкүлү Тилек Жантайбеков палаталарды карап чыккан соң ийне менен сайыла турган дарыларда маркировка жок экенин, бул болсо мыйзам бузуу экенин айтты.

Видео: Азат Рузиев, Эдил Байызбеков