Бишкек: Борбордук тез жардам станциясында жылуулук берүү калыбына келтирилди

«Бишкекжылуулукэнерго» тез жардам станциясындагы бузулган жерлерди бир суткада оңдоду. Буга чейин реанимациянын врачтары жылуулук берилбеген имаратта иштеп жатышкан.

«Бишкекжылуулукэнергонун» ремонт иштери 28-октябрда аяктады. Адистердин айтымында, имаратта жылуулук толугу менен калыбына келтириген.

Оңдоонун баасы азырынча такталууда. Ремонт иштери Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан каржыланат.

Мурда 27-октябрда оңдоо иштерине бир канча күн керектелээри айтылган. «Бишкекжылуулукэнергонун» адистери бир күндө оңдоо иштерин бүтүрүүгө үлгүргөн. Имаратка жылуулукту калыбына келтирүү үчүн 50 метр түтүк алмаштырылган.

Бир жума бою реанимация бөлүмүнүн варчтары жылуулугу жок имаратта иштеп жатышкан. Оңдоо үчүн тез жардам станциясынын бюджетинде каражаты жок болгондуктан врачтар мэрияга кайрылышкан.

Реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов Kloop.kgге жылытуу системасында авария болгону билинээри менен оорукананын администрациясы мэрияга жардам сурап кайрылганын айткан.

Борисов реанимация бөлүмүнүн имараты шашылыш оңдолушу керек экенин, имаратта жайгашкан күжүрмөн бөлүктүн жана телефон базасынын айынан дарыгерлер башка жакка көчө албай турганын кошумчалаган.