Аскаровдун иши: Күбөлөр басымдын айынан көрсөтмө бергенден коркуп жатышат

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо боюнча төртүнчү отурумда бардык күбөлөр укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардан өздөрүнө керектүү көрсөтмө алыш үчүн кыйнашканын айтып арызданышты. Күбөлөр өзүн коопсуздукта сезбегендиктен, сотко көрсөтмө бергиси келбей жатышты.

Отурумдун башында коргоочу тарап арасында Аскаровдун туугандары жана кошуналары бар дагы он күбөнү суракка чакырышын өтүндү.

Прокурорлор жана коргоочу тарап Азимжан Аскаровдун туугандарын суракка алууга болор-болбосу тууралуу талаша кетишти.

Прокурорлордун позициясы боюнча, туугандары «мыйзам боюнча суракка алынбайт». Прокурорлор Жазык процесс кодексинин 60-беренесинин 7-бөлүгүнө таянышты, анда соттолуучунун же айыпталуучунун жакын туугандары күбө катары суракка алынбайт.

Укук коргоочунун адвокаттары болсо Аскаровдун туугандарын суракка алыш керек деп көшөрүп жатышты. Адвокат Нурбек Токтакунов соттолуучунун туугандары «көрсөтмө берүүдөн баш тарта алышат деген эреже бар, бирок суракка алынбайт деген талап жок» деди. Натыйжада соттолуучунун туугандарын сот залына ал тургай башка күбөлөрдүн айтканын угуш үчүн да киргизишкен жок.

Күбөлөр сүйлөгөндөн коркуп жатышты

Сот Аскаров менен кошо сотторгон алты күбөнү суракка алды. Алар жазасын өтөп жаткан Жалал-Абаддагы түрмөдөн атайын алынып келди.

Күбөлөрдүн баары милиция кызматкери өлтүрүлгөн көпүрөдө ал күнү болушпаганын жана ал жакта Аскаровду көрүшпөгөнүн айтышты. Ошондой эле алар укук коргоо органдарынын кызматкерлери аларды керектүү көрсөтмөлөрдү алуу же жалган көрсөтмөлөргө кол койдуруу максатында  кыйнашканын айтып арызданышты.

Милиция кызматкери Сулаймановду өлтүрүүгө үндөгөнү үчүн тогуз жылга соттолгон, Аскаровдун кошунасы болгон Минюра Мамадалиева сотко өзүнүн кармалышы кандай болгонун жана аны жалган көрсөтмөгө кол койдуруш үчүн кантип кыйнашканын кыйла кеңири айтып берди.

Ал эгерде Азимжан Аскаровго каршы көрсөтмө бербесе жашы жете элек уулун түрмөгө отургузабыз деп коркутушканын айтты.

Токтакунов сурактын жүрүшүндө Сулаймановдун өлүмүнө күнөөсү бар адамдардын аттары тууралуу суроо берди, бирок Мамадалиева «залдагы кыймылды көрүп» өзү үчүн корккондуктан жооп берүүдөн баш тартты.

Анын айтымында ал сотко келгиси келген эмес, анткени «коңгуроого (камактан чыгышына) аз калган». Адвокат коркуткан адамды көрсөтүүнү суранганда Мамадалиева «коркуп жатканын» айтты.

Өмүр бою эркинен ажыратууга соттолуп, күбө катары чакырылган Шүкүрбек Мырзалиев да тергөө маалында укук коргоо органдары аны кыйноого алышканын сотко билдирди. Ал да көпүрөдө болбогонун жана Аскаровду көрбөгөнүн айтты. Адвокат Вахитовдун «Өзүңүздү коопсуздукта сезесизби?» деген суроосуна Мырзалиев «Жок» деп жооп берип, андан ары көрсөтмө берүүдөн баш тартты.

Башка күбөлөр да ал күнү көпүрөдө болбогонун жана Аскаровду көрбөгөнүн айтышты. Баары укук коргоо органдары аларды кыйнаганын билдиришти.

Бардык күбөлөр суралгандан кийин коргоочу тараптын адвокаты Вахитов прокуратурадан соттолгондордун кыйноо тууралуу сөздөрүн текшерүүнү жана ошол фактылар боюнча кылмыш ишин козгоону өтүндү, бирок өтүнүч кат берген жок.

Сот процессинин акырында сот залына укук коргоочу Аскаровдун бир тууганынын аялы Турдихон Аскарова чакырылды, бирок «өзбекче котормочу жок болгондуктан», судья 8-ноябрга чейин тыныгуу жарыялады.

Мурдагы отурумдар

Сот «массалык баш-аламандык уюштургандыгы», «киши өлтүрүүгө катышкандыгы» жана «улут аралык араздашууну козгогону» үчүн өмүр бою абакка кесилген Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо боюнча буга чейин үч отурум өткөргөн.

Биринчи отурумда сот киши колдуу болгон Сулаймановдун жесиринин жана күбө болгон милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн укту. Алты күбөнүн үчөө Сулайманов курман болгондо Аскаров көпүрөдө болгон-болбогонун эстей албаганын айтышты.

Калган үч милиция кызматкери Аскаровду нааразылык акциясынын арасында көрүшкөнүн айтышты, бирок анын кебетеси кандай болгонун жана ал күнү эмне кылганын сүрөттөп бере алышкан жок.  Алар анын «кыргыздарды өлтүрүүгө» үндөп жүргөнүн айтышты, бирок окуя кандай болгонун так айта алышкан жок, анткени 30 метрден 150 метрге чейинки аралыкта турушкан.

Аскаров милиция кызматкерлеринин көрсөтмөсү калп деп билдирди. Анын айтымында, ал укук коргоочу болуп иштеп жүргөндө алардын мыйзам бузган иштерин иликтеген жана күбө катары өтүп жаткан милиция кызматкерлеринин бирөөнө каршы кылмыш иши козголгон.

Сот экинчи отурумда алты күбөнүн — Базар-Коргондун акиминин, Базар-Коргондун прокурорунун, Улуттук коопсуздук кызматынын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысынын жана УКМКнын эки кызматкеринин — көрсөтмөлөрүн укту. Ошондой эле Аскаров кармалгандан кийин аны менен кошо УКИде кошо отурган камералашы да көрсөтмө берди.

Прокурор көпүрөдө болбогонун жана Аскаровду көрбөгөнүн айтты. Өз көрсөтмөлөрүндө ал укук коргоочуну кимдир-бирөөлөр кыйнаганы тууралуу маалыматты четке какты.

Аким жана УКМК өкүлдөрү Аскаровду көргөнүн айтышты, бирок ал жакта ал эмне кылып жүргөнүн сүрөттөп бере алышкан жок. Аскаровдун камералашы камерада Аскаровду сабап салганын айтты.

Аскаров болсо анын көпүрөдө болгону тууралуу көрсөтмөлөр калп экенин айтты. Сот эки отурумда тең Аскаровду камактан бошотууну суранган коргоочу тараптын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Үчүнчү отурумда сот айыптоочу тараптын эки күбөсү — 2010-жылы Базар-Коргон районунун прокурорунун орун басары болуп турган Жамиля Туражанованын жана Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары болуп турган Орозбек Бердибаевдин — көрсөтмөлөрүн укту.

Туражанова сотко милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановдун денеси кантип табылганын айтып берди.

Коргоочу тарап Аскаровдун укуктары бузулганын, ага адвокат өз убагында берилбегенин далилдеш үчүн анын качан камакка алынганын билгенге аракет кылды.

Аскаров ошондой эле аны кыйноого алышканы тууралуу көрсөтмө берди, бирок коргоочу тараптын күбөлөрү анын айтканын четке кагышты.

Соттук отурумдан түз тексттик трансляция:

Аскаров өзү ким?

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндө жашаган этникалык өзбек жана укук коргоочу. Ал милициянын кыйноолору тууралуу маалымат бергени менен белгилүү болгон. 15 жыл аралыгында «Аба» укук коргоочу уюмун жетектеген.

Аскаров 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык чыр-чатакта кармалган. Укук коргоо органдары билдиргендей, Аскаров Бишкек-Ош жолун тосууну уюштуруп, милиция кызматкерлерин сабап, бир кызматкерди өрттөп жиберген.

Базар-Коргон соту Аскаровду «баш аламандык уюштургандыкка», «улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козуткандыкка» жана «адам өлтүрүүгө катышууга» айыптаган. 2010-жылдын аягында, сот Аскаровду өмүр бою тор артына камаган, бирок Аскаров күнөөсүн мойнуна албай келген. Аны менен кошо дагы сегиз адам абакка киргизилген.

Аскаровдун жактоочулары бул айыптоолор «негизсиз» деп айтып келишет. Күбөлөр болсо, Аскаров окуя болгон жерде жок болгондугун тастыкташкан.

Соттун чечиминен кийин, укук коргоочунун жактоочусу Валерьян Вахитов бардык жараяндар мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыккан. Анын айтуусунда, укук коргоочунун үйүндө үй ээлери жокто тинтүү болгон жана далилдер «жетишсиз».

Көз карандысыз эксперттер, укук коргоочу кыйноолорго кабылганын жана Кыргызстандын бийлиги анын даттанууларына көңүл бурбагандыкка айыпталганын билдиришкен. Андан тышкары, иликтөө жараянында процессуалдык нормалар бузулганын жана Аскаровдун коргонуусуна мүмкүнчүлүк берилбегенин да кошумчалашты.