УКМК «Манас» аба майданындагы бомба тууралуу кабарлаган кишини кармады

«Манас» аба майданында коюлган бомба тууралуу 31-октябрда кабарлаган киши террордук акт тууралуу жалган билдирүүсү үчүн кармалып, тергөө изоляторуна (СИЗО) камалды. Ал телефон чалгандан кийин аба майданынын имаратынан бардык жүргүнчүлөр жана узатуучулар эвакуацияланып, эки ички жана жети эл аралык рейс токтотулган.

«Манас» аба майданындагы учактардын биринде бомба коюлганын 31-октябрда кабарлаган эркек киши кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, бишкектик Илья Еремеев болуп чыккан ― бул адам ошол эле күнү кечинде кармалган.

«Кармалган киши мас болуп алып, аялы "Бишкек-Москва" рейси менен командировкага учуп кетпеши үчүн калп айтып телефон чалганы аныкталды», ― деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

УКМКнын тергөө башкармалыгы Кылмыш кодексинин 228-беренеси — «Террордук акт тууралуу атайын жалган билдирүү» — боюнча кылмыш ишин козгоду, эми кармалган адам 30 миң сомго чейин штраф төлөп, түзөтүү жумуштарына жөнөтүлүп же үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Азыр Еремеев УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоо изоляторунда отурат.

Бомбанын коюлганы тууралуу ал ИИМдин күзөт кызматына 31-октябрда болжол менен 16:15те билдирген. 15 мүнөттөн кийин эле аба майданынын бардык жүргүнчүлөрү жана кызматкерлери эвакуацияланып, УКМК менен ИИМдин сапёрлору аба майданынан жардыргыч түзмөк издеп киришкен.

Кечки төрт жарымда рейстер менен келген жүргүнчүлөр дээрлик төрт саат бою аба майданынын имаратындагы паспорттук көзөмөлгө киргизилген жок.

Бомба тууралуу жалган билдирүүнүн айынан тогуз рейс токтотулду: экөө ички, бешөө Орусиянын шаарларына, бирөө Кашкарга (Кытайга), бирөө Алматыга (Казакстанга) бармак.

Бомба тууралуу билдирүү Бишкекте 3-ноябрда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчылар жыйынына саналуу күндөр калганда келип түшкөн.