Казакстан 10 жылдан бери биринчи ирет өлүм жазасына өкүм чыгарды

Алматы соту Руслан Кулекбаевди 10 кишини өлтүргөнү үчүн өлүм жазасына кести. Бирок азыркы мораторий жазаны аткарууга жол бербейт — ал өмүр бою абакка кесүү менен алмаштырылчудай болуп турат.

Кулекбаевди өлүм жазасына кескен сот өкүмү 2-ноябрда жарыяланды — ал июлдун ортосунда милиция бөлүмүнө кол салуу учурунда 10 кишини өлтүргөн деп айыпталууда.

Казакстанда күчүндө турган мораторий аны өлүм жазасы менен жазалоого жол бербейт — эгерде президент тыюуну алып салбаса, Кулекбаев өмүр бою абакка кесилчүдөй.

Кулекбаевди өлүм жазасына кесүүнү прокуратура талап кылды, калган айыпталуучуларды ал узак мөөнөткө эркинен ажыратууну сурады.

«Тенгриньюз» маалымат агенттиги жазганына караганда, жазанын жогорку чегин сурап жатып прокурор Жаркынбек Бакашбаев Кулекбаевдин аракеттери «калкты коркутууга жана укук коргоо органдарынан өч алууга» багытталганына басым жасады.

«Vlast.kz» басылмасы сотто айыпталуучу полиция кызматкерлерин жана жөнөкөй жарандарды өлтүргөнүн жазып чыкты. Кулекбаевдин айтымында, ал өз кылыгына өкүнбөйт.

«Соттолуучу диний себептерден улам киши өлтүргөнүн, анын курмандыктары "туура эмес жолдо" жүрүшкөн деп эсептегенин билдирди», — деп жазат басылма.

«Тенгриньюз» өкүм боюнча казак парламентинин төмөнкү палатасынын мүчөлөрүнүн сөздөрүн келтирет. Алардын бир бөлүгү Кулекбаев үчүн өлүм жазасы — «өтө эле жеңил жаза» деп эсептешсе, калгандары — эгерде мораторий алынып салынса, өкүмдү аткаруу Казакстандын аброюна шек келтирет деген пикирде.

«Менин пикиримде бул калыс өкүм, анткени бул террордук кылмышты эч нерсе менен актаганга мүмкүн эмес. Өкүм өлүм жазасына уруксат берген Казакстан мыйзамдарына негизделген. Бирок дагы кайталайын, азыркы учурда эгерде мораторий болсо, демек аны аткарууга мүмкүн эмес, андыктан өмүр бою эркинен ажыратуу менен алмашылат деген маселе турат», — деген төмөнкү палатанын депутаты Маулен Ашимбаевдин сөзүнөн үзүндү келтирет басылма.

«Казакстан Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (ЭКӨУ) өлүм жазасы жок алдыңкы 30 мамлекетинин катарына киргенге умтулуп жатканда муну аткарыш кыйын деп ойлойм. Андыктан өкүм бар, ал эми аны аткаруу бир топ кыйын маселе», — деди коммунисттер фракциясынын депутаты Айкын Конуров.

Кулекбаев 18-июлда Алматыда Алматы РИИБге кол салганы үчүн кармалган. Кол салуу учурунда ал сегиз полиция кызматкерин жана эки жөнөкөй жаранды өлтүргөн. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бул окуяны террордук акт деп атаган.

Сүрөт: «Тенгриньюз»