Казакстандын Алматы шаарындагы атышуудан беш киши каза болду, алардын үчөөсү — полиция кызматкерлери. Дагы жетиси ооруканада. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев окуяны теракт деп атады.

Ок атуу болжол менен саат 11:00дө Алмалы райондук ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдында башталган, деп билдирди «Тенгриньюз» басылмасы күбөлөргө шилтеме кылып. Жергиликтүү порталдын маалыматы боюнча, анда 10го жакын ок атуунун үнү угулган.

«Алгач бир жолудан үч же төрт жолу атылды, андан кийин дагы бир нече жолу кайталанды. Автоматчан белгисиз адам Карасай баатыр менен Батурсынов көчөсүн көздөй чуркап кетти, анын артынан полиция кызматкерлери чуркашты», — деп жазды басылма күбөлөргө шилтеме кылып.

Кол салгандардын так саны белгисиз — алардын кеминде экөө болгондугу белгилүү. Кол салгандардын бирөөсү кармалды, а экинчиси жашырынып кетүү аракетин көргөн маалда атылып өлтүрүлгөн. Алматынын Ички иштер департаменти алардын бирөөсү мурда соттолгонун билдирди.

Атышуунун жүрүшүндө кеминде үч полиция кызматкери жана эки шаар тургуну каза болду. Казакстандын Терроризмге каршы күрөшүү боюнча штабынын маалыматы боюнча, дагы жети киши октон алган жарааттары менен оорканада жатышат.

Антиторрористтик операция маалында Алматыда соода жайларынын, банктардын жана башка ишканалардын иши убактылуу токтотулду. Бала бакчалардын жетекчилери жогорку деңгээлдеги коопсуздук  режиминө өткөндүктөрүн билдиришти. Укук коргоо органдары Казакстандын борбору Астана шаарындагы коопсуздук чараларын күчөтүштү.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев атышуудан кийин шашылыш түрдө Коопсуздук кеңешин чогултуп, окуяны теракт деп атады.

"Бүгүн Алматыда кайрадан адам өмүрүн алып кеткен террористтик акт болду. Каза болгондор менен жараат алгандардын жакындарына көңүл айтам. Аларга тиешелүү психологиялык жана материалдык колдоо көрсөтүү зарыл. Ошондой эле укук коргоо органдарына шаарда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырам", - деди ал.

Казакстан бийлиги контртеррористтик операциялар маалында Алматыда террористтик коркунучтун «кызыл» деңгээлин жарыялады. Атайын операция кечке жакын аяктап, террористтик коркунуч деңгээли «сарыга» өзгөртүлдү.

Бул акыркы бир жарым айдын ичинде Казактанда болгон экинчи теракт — алгачкы кол салуу Актөбөдө болгон. Анда белгисиз адамдар курал-жарак саткан дүкөндөр менен аскер бөлүгүнө кол салышып, жыйынтыгында 10 киши каза болуп, 38и жарадар болгон.

Тексттик трансляция:

Соавтор: Айжамал Идирис
Сүрөт: tengrinews.kz>