«Планетаны сактайлы»: Ди Каприонун болочоктогу экологиялык бүлгүн тууралуу фильми

National Geographic каналы жер бетинин ысышынын күч алышы тууралуу даректүү тасманы ачыкка чыгарды. Анда Леонардо Ди Каприо көрүүчүлөргө өзүн жана түркүн түстүү сүрөттөрдү көрсөтүп, кыйроого алып келүүчү көрүнүштөр тууралуу эскертет.

Быйыл февралда Ди Каприо «Тирүү калган адамдагы» өзүнүн ролу үчүн өзүнүн эңсеп жүргөн «Оскарын» кантип алганы эсиңердеби? Ошондо сүйлөгөн сөзү да эсиңерде барбы?

Сахнадан актер өз кесиптештерине жана жакындарына ыраазычылыгын билдирип, андан кийин «Тирүү калган адамдын» тартылышы тууралуу эскерүүлөрүн ортого салган. Ди Каприонун айтымында, кино тартуучу жамаат кар жаткан тоолуу аймакты тартыш үчүн Аргентинага барышка туура келген. Бирок сюжет боюнча фильмдин окуясы Түндүк Американын тоолорунда өнүгөт.

Фильмдин толук жазылышы — Before the Flood, орусчасы «Планетаны сактайлы» деп ылайыкташкан.

Ушундай көрүнүктүү мисал менен Ди Каприо дүйнөлүк жылуулук азыр жаныбызда болуп жатканын миллиондогон аудиториянын эсине салган. Бул асыл ишарат бекеринен болгон жок — ал эмгеги сиңген актёр жана продюсер гана эмес, климат маселелери боюнча БУУнун элчиси дагы.

«Планетаны сактайлы» так ушул маселе жөнүндө. Ди Каприо дүйнөнү кыдырып, окумуштуулар жана саясатчылар менен баарлашып, тропикалык токойлордо жана арктикалык мөңгүлөрдө сейилдеп, ойлоп табуучу Илон Маск менен таанышат.

Деген менен ал элге көп деле ачылыш алып чыкпайт. Гренландия менен Антарктиканын эрип бараткан муздары жөнүндө, пальма отургузуш үчүн өрттөлүп жаткан Индонезиядагы тропикалык токойлорду күтүп турган коркунучтар жөнүндө, америкалык республикачыл саясатчылардын кылыктары жөнүндө бизге Vice айтып берген. Жылуулуктун күчөшүнүн себептери же планетаны сактап калууга али үмүт бар экени тууралуу Vox чуу салган. Ал эми Алехандро Гонсалес Иньярритунун фильмин тартуудагы кыйынчылыктар тууралуу, кхм, Ди Каприо өзү айтып берди.

Лео продюсер жана алып баруучу болгон жаңы фильмдин максаты кеңири темага тереңдеп кирүүдө эмес, идеяны жайылтууда. «Планетаны сактайлы» көп кишилер көңүлгө албаган нерселерди айтат. Көп кишилер түшүнө бербеген нерселерди жеткиликтүү, ийине жеткире чечмелейт. Ди Каприо бул жерде ошол үчүн жүрөт.

Аны ал өзү деле түшүнүп турат. Лео бул фильмде — «маалыматы жокторду» азгырып келе турган каарман. Эт жеген, учак менен учкан жана желим баштык колдонгон адаттар айлана-чөйрөгө зыян экенин айтылуу үн кулакчындардан жана динамиктерден шыбырап турат.

Анткени формасы жагынан да «Планетаны сактайлы» — көнүмүш даректүү фильм эмес, токойлор өрттөнгөн, президенттер өз сөзүн айтып калган жана сонун сүрөттөр көрсөтүлгөн кызыктуу триллер.

Иероним Босхтун «Жердеги ырахаттардын бакчасы» аттуу сүрөтү.

Фильм так ошолордун бирөөнөн башталат. Биз азыр кулап бараткан тозоктун кооз жана таң каларлык сүрөттөлүшүн Иероним Босхтун «Жердеги ырахаттардын бакчасы» аттуу үчилтик сүрөтү көзгө тартат. Кадр артында Ди Каприонун үнү көбүнчө планетага аяр мамиле кылууга караганда жеке өзүнө тиешелүү жана жалпы нерселер тууралуу сүйлөйт.

Мындай мамиле өз жемишин берди окшойт. Алгачкы күндөрдөн тартып эле фильм бир жарым миллион жолу көрүлдү жана ал арбып баратат. Фильм тууралуу медиа каражаттар кеп кылып, аны атактуулар бөлүшүүдө. Орто жолдон көмүр кычкыл газы үчүн салык киргизүүгө үгүттөгөн сайт кайыр-садага чогултууда.

***

Дүйнө өзгөрдү. Бала кезде, ортоңку класстардын окуучусу болуп жүргөндө чоң атамдын үйүндө мен «Коммерсант Ъ» чыгарган «Акча» аттуу журналды таап алгам. Жайдын жаанчыл күнү болчу, айла жоктон ошону барактап кирдим эле. Ар кайсы колонкалардан жана Кытайдын туруктуу өсүп жаткан экономикасы тууралуу алдамчы макалалардан өтүп барып, аягына жеткенде сланец газы тууралуу макалага туш болдум.

Азыр дүйнө өзгөрүптүр, анткени ошол кезде ал макалада газ менен мунайды ушундай жол менен алуу айлана-чөйрөгө зыян тийгизээри тууралуу бир ооз сөз жок эле. Ал кезде фрекинг (же ашыкча пакет) биздин жашообузду бузаарын ойлонгондор аз эле болчу. Пакеттер деле бекер эле.

Эми он беш жылдан кийин алар үчүн акча төлөш керек. Эми, адамдарды ондогон графиктерге жана санаага батырчу божомолдорго тумшугу менен матырган соң, алар үчүн Леонардо Ди Каприо катышкан фильм тартылган соң адамдар ойлоно башташты.

Кыскача мааниси мындай: пакеттер үчүн акча төлөш керек. Андан да жакшысы, аларды таптакыр колдонбой эле койгон оң. Ырас, фильмди да көрүп койсо болот — ал жакта маани-мазмун гана эмес, биздин тажатма жашообуздун көп белгилери тууралуу ойлондурган башка да кызык нерселер бар.