Оппозициячылар «саясий туткундарды» бошотууну талап кылышты

Бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча айып коюлуп, мартта кармалган «Элдик парламент» кыймылындагы оппозициячылардын туугандары жана тарапкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратынын алдына митингге чыгышты. Алар «бардык саясий туткундарды» бошотууну талап кылышты.

УКМКнын алдына 3-ноябрда 30дан ашуун киши нааразылык акциясына чыкты. Митингдегилер «саясий туткундарды» бошотууну жана Кыргызстанда «саясий куугунтукту токтотууну» талап кылышты.

2016-жылдын мартында «Элдик парламент» оппозициялык кыймылынын мүчөлөрүнүн телефон аркылуу сүйлөшкөн сөзү жарыяланган соң «бийликти күч менен басып алуу же күч менен бийликти кармап туруу» деген берене боюнча УКМК тогуз оппозициячыга каршы кылмыш ишин козгогон. Бул кылмыш 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Бул иш боюнча Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев жана Тойгонбек Калматов соттолуп жатышат. Сот жыйындары жабык режимде өтүүдө.

Митингди уюштурган оппозициячы Адил Турдукулов Kloop.kgге акция УКМКнын жанында өтүп жатканын, анткени камалгандардын баары ошол жакта экенин айтты.

«Аларды өтө оор берене — бийликти кулатуу аракети менен күнөөлөп жатышат. […] Чындыгында алардын аракетинде андай далалат болгон эмес, бийликке каршы сын, сөз болгон. Алардын баары ошол тууралуу айтышкан, буларды ошол үчүн эле отургузушту», — деди ал.

Айыпталуучулардын туугандары жана оппозициячылар кармалгандардын «Кыргызстанда саясий куугунтукка жол жок», «Ачык сотту талап кылабыз» же «Эл депутаттарына эркиндик» деген жазуулары бар сүрөттөрүн кармап турушту.

Өтүп жаткан митингге 10дон ашык милиция кызматкери көз салып турду.

Эксперт жана митингдин катышуучусу Зульфия Марат Kloop.kgге ыңкылаптардан кийин бийликке келген кишилер «ажыдаарга айланып кетишкенин» айтты.

«Мен сиз үчүн өтө уялам, Атамбаев, мен сиз үчүн өтө уялам, Сариев, Текебаев, мен сиз үчүн өтө уялам, Роза Отунбаева, силер үчүн, угуп жатасыңарбы? Азыр болуп жаткан нерселерге, адамдар башкача ойлонгону үчүн эле жабык сот процесстери жүрүп жатканына силер күнөөлүүсүңөр. Башкача ойлонгон адамдар куугунтукталып жатат, ал эми биз силер менен жакында эле ар бир адам сөз эркиндигине жана өз ойлоруна ээ болуу эркиндигине укугу бар деп келбедик беле, эми болсо силер аларды жазалап жатасыңар. Мен аларды бошотуш керек деп эсептейм, алар күнөөлүү эмес! Бул УКМК үчүн маскарачылык, ушул бийликтин баары үчүн маскарачылык», — деди ал митингде.

Нааразылык акциясынын башка катышуучусу Сапарбек Аргынбаев кармалгандар кыйноого кабылып жатышканын айтты.

Анын айтымында, алардын туугандары ачык сот жыйындарын өткөрүүнү талап кылышкан, бирок алардын талабы аткарылган жок, андыктан алар азыр «бардык саясий туткундарды бошотууну» көздөшөт.

«Алар жетиштүү далили жок болгондуктан сотту жабык кылып коюшту. Биз бардык саясий туткундарды бошотууну талап кылабыз» — деди ал.

Бишкек сотунун чечими менен 1-ноябрдан 10-ноябрга чейин шаарда кандай жалпы акцияны болбосун өткөрүүгө тыюу салынганы тууралуу ШИИБнин кызматкерлеринин биринин билдирүүсүнөн улам митингди токтотууга туура келди.

«Биз эч кандай маалымдама алган эмеспиз, митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө документтин түп нускасын азыр гана көрдүк. Милиция кызматкери "Келгиле, мыйзамды бузбайлы" деди. Бизди коркутушкан жок, бирок кетип калышыбызды суранышты. Мен кесиптештеримден сурап көрдүм, алар кетип калууга макул болушту, анткени биз баарын айтып бүттүк», — деди Зульфия Марат нааразылык акциясынан кетээрде.

Аргынбаевдин айтымында, тыюуга да карабастан кармалгандардын туугандары жана активисттер акцияларын улантып, «бардык саясий туткундарды» бошотууну талап кыла беришмекчи.

Кармалгандардын тарапкерлери ачык соттук териштирүүнү талап кылып, буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Аны кармалгандардын адвокаттары да талап кылышкан, бирок сот алардын талабын четке каккан.

Оппозициячылар үн жазылган жазуунун аныктыгын танып, жарыяланган материалдар «монтаж жана жасалма» деп билдиришкен. Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жазылган үн анык экенин ырастады.

Президент Алмазбек Атамбаев 14-майда Энелер күнүнө карата сөз сүйлөп жатып «Элдик парламенттин» мүчөлөрү тууралуу алар «өлкөдөгү абалдын туруктуулугун бузуп, кандай жол менен болсо да бийликке эптеп жеткиси келип жатышканын» айткан.

«[…] Жалпы эл шайлаган мамлекет башчысы катары, Кыргызстандын президенти катары мен түз эле айткым келет: “Жетишет! Тажадык!” Мындан ары өлкөдөгү кырдаалды бузуу аракеттеринин баары өтө катуу тыйылат», — деп кайрылган эле Атамбаев «Элдик парламент» оппозициялык кыймылынын мүчөлөрүнө.