Бишкектеги складда чыккан өрт боюнча кылмыш иши ачылат

ИИМдин тергөөчүлөрү менен ӨКМнин комиссиясы Бишкектин түштүк-батышында чыккан өрттү иликтешет. Күйүүчү-майлоочу материалдардын складында 5-ноябрда күндүз өрт чыгып, тилсиз жоо 6-ноябрда эртең менен өчүрүлгөн. Курман болгондор жана жабыркагандар жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына ылайык, 19 саат бою өрттү өчүргөн бир да өрт өчүрүүчү ден соолугуна арызданган эмес.

Өрттүн кесепеттерин Ленин РИИБ менен ШИИБ иликтөөдө. Алар окуя болгон жерди карап, андан соң техникалык экспертиза жүргүзүшмөкчү.

ИИМдин басма сөз борборунун кызматкери Эрнис Осмонбаевдин айтымында, чыккан өрт фактысы боюнча кылмыш иши ачылмакчы.

«Өрттөнгөн аймак өтө чоң болгон. Техникалык экспертизадан кийин кылмыш иши козголот. Өрттүн келип чыгуу себептери тууралуу сөз кылыш азырынча эрте, окуя болгон жерде дагы деле иликтөө жүрүүдө», — деди ал.

ӨКМнин басма сөз борборунун кызматкери Элмира Шерипованын айтымында, иликтөөгө ар кайсы мамлекеттик кызматтар кошулмакчы.

«Экспертиза биргеликте жүргүзүлөт. Иликтөө көп убакыт талап кылышы мүмкүн. Эреже болуп калгандай, кичинекей өрткө бир апта кетет, а бул жерде масштаб чоң», — деди ал.

Складдын аймагында өрт 6-ноябрда эртең менен 8:25те өчүрүлгөн. Өрткө каршы күрөш менен 80 өрт өчүрүүчү, ӨКМдин күчтөрү, ошондой эле «Тазалыктын» кызматкерлери алек болгон. Окуя болгон жерде ыкчам жардам көрсөтүү машинасы нөөмөттө турган.

Өрт менен күрөш 19 саатка созулган. ӨКМ өрттүн токтотулганы боюнча 5-ноябрь күнү 23:30да маалымат берген, анда чоң өрт токтотулуп, жанындагы жерге жайылбай калган. Бирок өрт болгон жердеги чоктон кайра от жанданып кетип жаткан.

Өрт токтотулганга чейин анын аянты башында 500 чарчы метр болсо, кийин 2500 чарчы метрге чейин жеткен.

Өрт боюнча маалымат «101ге» 5-ноябрь күнү саат 13:03тө келип түшкөн. Тилсиз жоо Сыдыгалиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде күйүүчү-майлоочу май склады күйгөндүктөн чыккан. Өрт кызматынын маалыматы боюнча, складда күйүүчү-майлоочу материалдар, бочкада майлар жана курулуш материалдары сакталган. Складдардын ээси азырынча табыла элек.