Бишкектин түштүк-батышындагы өрт өчүрүлдү

Бишкектин түштүк-батышында күйүүчү-майлоочу майлар складынан 5-ноябрда күндүз өрт чыкты. Өрт 2500 чарчы метр жерге жайылып, 11 сааттан кийин токтотулду. Курман болгондор жана жабыркагандар жок.

ӨКМдин 6-ноябрдын 09:30дагы маалыматы боюнча, Бишкектеги чоң өрт 08:25те өчүрүлгөш. Курман болгондор жана жабыркагандар болгон жок. Өрт өчүргүчтөр түтүн жутуп алышкан.

5-ноябрда 23:30да берилген маалымат боюнча, Бишкектеги чоң өрт токтотулуп, өрт болгон жердеги чоктон кайра от жанданып кетип жаткан, бирок жанындагы жерге жайылбай калган. Өрттүн токтотулганы боюнча биринчи билдирүү 5-ноябрдын 18:30унда келип түшкөн.

Өрт токтотулганга чейин анын аянты башында 500 чарчы метр болсо, кийин 2500 чарчы метрге чейин жеткен. Өрткө каршы күрөш менен 80 өрт өчүргүч алек болгон — бул 8 өрт өчүрүүчү топ. Отту өчүрүүгө ӨКМдин күчтөрү, ошондой эле «Тазалык» муниципалдык кызматынын төрт суу тосмосу тартылган. Өрт болгон жерде шашылыш жардам кызматы кезекте турган.

Окуя өтө масштабдуу болгондуктан, өрт болгон жерге өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов барган. Күйүп жаткан жерге алып баруучу көчөлөр бир нече саат бою жабылып турган.

Өрт Сыдыгалиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде күйүүчү-майлоочу май склады күйгөндүктөн чыккан. Андан тышкары, курулуш материалдары жана май куюлган челектер күйгөн. Складдардын ээси азырынча табыла элек.

Күйүүчү-майлоочу майдын айынан өрттү атайын көбүктүн жардамы менен өчүрүп жатышты. Өрт шаардын бардык тарабынан жана ал тургай анын тегерек-четинен да көрүнүп турду.

Өрттөн сактоо кызматына 5-ноябрда 13:03тө телефондон кабар келген.

Kloop.kgнин журналисттери өрт өчүрүүнүн жүрүшүн чагылдырышууда.


Бишкекте акыркы жолу 2016-жылы июлда чоң өрт чыккан — Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде көп кабаттуу үйдүн чатыры күйгөн. Анда өрттү өчүрүүгө жети саат кетип, аны менен Бишкектин бардык өрт өчүрүүчү топтору алек болушкан. Бардыгы болуп өрт өчүрүүчү он топ бар.

Тема боюнча материал: #ЭлЭмнеДейт: ӨКМ көп кабаттуу үйлөрдө өрт өчүрүүгө даяр эмес