УКМК: Министр Айдаров жол тендеринде «Чайна Рейлвэйдин» кызыкчылыгын коргогон

Транспорт министри Замирбек Айдаров Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо боюнча тендерге «Чайна Рейлвэй» компаниясынын пайдасын көздөп кийлигишкен, деп жыйынтыктайт УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын (ККК) текшерүүсүн «Тазабек» басылмасы.

«Тазабектин» жазганына караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматынын (УКМК ККК) корутундусу бүгүн укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөш комитетинин жыйынында айтылды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, Айдаров Бишкек — Кара-Балта трассасын оңдоо боюнча тендер комиссиясынын ишине «Чайна Рейлвей» компаниясынын пайдасы үчүн кийлигишкен. Атайын кызматтар жазгандай, мунун баарын кызмат абалынан кыянаттык менен жана ашкере пайдалануу катары бааласа болот.

«Атап айтканда, тендердик комиссиянын мүчөлөрү жана ишке тартылган адистер тендер комиссиясынын ишине Айдаров "Чайна Рейлвей" компаниясынын пайдасы үчүн кийлигишүүгө аракет кылганын ырасташты. Тендер комиссиясынын башчысы Абдысатаровду алмаштыруу фактысы да, [Айдаровдун] “Чайна Рейлвей” менен тендердик комиссияга кеңешпестен кат алышканы да ушуну далилдеп турат», — деп айтылат УКМК КККнын корутундусунда.

Бирок Айдаровго каршы иш козголобу-жокпу, азырынча белгисиз. Атайын кызматтар өкмөт мүчөсү кылган кылмыштар менен прокуратура алек болушу керек экендигин, ошондуктан иштин материалдары көзөмөл органына жиберилгенин жазып жатышат.

УКМКнын басма сөз кызматы расмий сурам болмоюнча суроолорго жооп бере албай турганын Kloop.kgге билдирди.

Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо боюнча тендер 2015-жылдын 15-декабрында жарыяланган. Ага 16 компания катышмакчы болуп, алардын ичинен тогузу соңку баскычка өткөн.

Жеңүүчү болуп “Чайна Роад” компаниясы жарыяланган. Бирок андан кийин парламентке тендер комиссиясынын мүчөлөрү кайрылып, министр тендерди уюштурууга кийлигишкенин билдиришкен.

Алардын айтымында, Айдаров Азия өнүктүрүү банкына (АӨБ) кат менен кайрылган. Андан кийин АӨБ бул жолду оңдоого 100 миллион доллар бөлүп берип, комиссияга «Чайна Рейлвей» компаниясын тандап алууга кеңеш берген.

Банктын Кыргызстандагы өкүлү Кэндис Макдейган мындай чечим үчүн негиз болгон жагдайлардын бири — транспорт министринин каты болгонун айтты.

УКМК ККК жазган «Чайна Рейлвэй» жолду 70,3 миллион долларга оңдоп берүүнү сунуш кылган. Оңдолушу керек болгон жолдун узундугу 52 чакырымды түзөт.

Бул тендерди УКМК ККК тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн кайрылуусунан кийин текшере баштаган.

Өкмөттүн жаңы курамына ылайык, Айдаров жаңы министрлер кабинетинде болбойт. Анын ордуна мурда «Кыргызжолтрансдолбоор» мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору болуп иштеп келген Жамшидбек Калилов дайындалат.

Айдаров өзү болсо «Чайна Роад» компаниясынын автоунаасын иштин кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жүргөнүн журналисттер билип алган соң коомчулуктун назарына түшкөн.

ТЕМА БОЮНЧА:


Министр кытай жалдануучусунун «Лексусун» пайдаланганы үчүн кечирим сурады