Жасалма Атамбаев Порошенкого Кыргызстандан телефон чалган

Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев Украинанын президенти Петр Порошенкого Атамбаевди туураган белгисиз бирөө Кыргызстандан телефон чалганын кабарлады. Мурда «Порошенкону такмазалоону» орусиялык пранкер (шакабачы) Лексустан көрүп жатышкан.

Украинанын президенти Петр Порошенкого Кыргызстандан белгисиз бирөө президент Алмазбек Атамбаевдин атынан телефон чалган. Бул тууралуу тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев 9-ноябрда депутаттардын «Порошенкону тамашалоо» боюнча суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Абдылдаев Украинанын жана Кыргызстандын атайын кызматтары шакабачыны издеп жатышканын айтты.

«Биринчиден, Алмазбек Атамбаев менен Украинанын президентинин ортосунда эч кандай телефон аркылуу сүйлөшүү болгон эмес. Экинчиден, телефон чалгандар бул жактан байланышка чыккан. Жана алар телефон номерин билишкен. Азыр биздин жана украиналык атайын кызматтар бул маселени иликтеп жатышат. Ал тургай жакында мен өзүмдүн украиналык кесиптешим менен сүйлөштүм, бул маселе жөнгө салынды», — деди ал.

Ноябрдын башында украиналык ЖМКлар Украина президентинин расмий сайтына шилтеме кылып эки өлкөнүн президенттеринин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болгонун кабарлашкан.

«Петр Порошенко жана Алмазбек Атамбаев Орусия украин товарларынын транзитине чектөө койгондуктан украин өндүрүмүн Кыргызстанга жеткирүүгө байланышкан маселелерди чечүүнүн жолдорун, ошондой эле жүк ташуунун башка багыттарын талкуулашты», — деп жазылган эле Украина президентинин сайтында.

Бирок Кыргызстандын президентинин аппараты бул маалыматты жокко чыгарган соң телефондук сүйлөшүү тууралуу билдирүү алынып салынган.

Кыргызстандын президентинин аппарат башчысынын орун басары Сапар Исаков анда Атамбаев Украинанын президенти Петр Порошенкого телефон чалбаганын билдирген болчу.

Исаков ошондой эле «Украинанын мамлекет башчысын кимдир-бирөө тамашалап койсо керек» деп божомолдогон.

Кыргызстандын ТИМи 3-ноябрда Украинанын ТИМинин жетекчиси Павел Климкиндин демилгеси менен эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди.

Алар «эки мамлекеттин башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу жалган болуп чыккан маалыматты» талкуулашкан.

«Тараптар окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча ишти улантууга макулдашты. Ошентип, маселе жөнгө салынды», — деп айтылат билдирүүдө.

Украинанын ТИМинин башчысы Климкин окуяны «чагым» деп атады.

«Кыргызстандык кесиптешим менен сүйлөштүм. Кимдир-бирөө биздин БУУдагы Крым боюнча резолюциябызды токтоткусу келип жатат окшойт. Бул чагымды териштирүүнү макулдаштык», — деп жазды ал Твиттердеги баракчасында.

Украиналык Strana.ua басылмасы Порошенкону мурда эле украин преиздентин тамаша кылып жүргөн орусиялык пранкер Лексус шакаба чеккен деп божомолдогон.

Бирок Украина президентин шакаба чеккенин Лексус өзү төгүнгө чыгарган.