Бишкек: Беш жыл бою оңдолгон «Дельфин» бассейни ачылды

Бишкектеги «Дельфин» бассейни 9-ноябрда ачылды. Ал беш жыл бою оңдолуп жабык турган. Аны кайра калыбына келтирүүгө шаар жетекчилиги 57 миллион сомдон ашуун каражат бөлгөн.

Бассейндин ачылыш аземине Бишкектин мэри Албек Ибраимов келип, бишкектиктерди беш жыл бою созулган оңдоо иштеринин аякташы менен куттуктады.

«Капиталдык оңдоодон кийин шаардык “Дельфин” бассейни ачылууда! […] Бишкектин мэриясы көп жылдык курулуш эми шаардыктардын жана суудагы спортту сүйүүчүлөрдүн баарына эшик ачышы үчүн бардык колунан келген аракетин кылды», — деген мэрдин сөзүн «Заноза» басылмасы цитата келтирет.

Жалдануучу «профили жагынан туура келбейт»

«Дельфин» бассейнин оңдоого тендер өткөрүүдө мыйзам бузулган фактылар үчүн Капиталдык курулуш башкармалыгынын аткаминерлерине каршы Башкы прокуратура 2016-жылы октябрдын башында кылмыш ишин козгогон.

Прокуратура тендерде жеңип чыккан «Комстрой Компани» ишканасы бул ишке профили боюнча туура келбейт деп эсептеген.

Юридикалык тараптардын реестринен алынган маалыматтарга ылайык, «Комстрой Компанинин» адистешкен багыты — турак жай жана турак эмес имараттарды салуу. Конкурстук өтүнмөсүндө компания өзүнүн бүтүргөн иштерине «Бишкек» ЭЭЗинде жатаканалардын курулушун мисал келтирген.

«Комстрой Компани» тендер жарыяланганга бир ай калганда, быйыл 20-апрелде кайра катталган. Компаниянын жападан-жалгыз түзүүчүсү — түркиялык ишкер Асиф Маис Оглы Казимов.

Мэрия оңдоо иштерине 57,6 миллион сом бөлүп берген, ал эми «Комстрой Компани» оңдоо иштерин 47,7 миллион сомго бүтүрүп берүүнү сунуш кылып, тендерден утуп чыккан.

Прокуратура кылмыш ишин козгоп жаткан учурда «Комстрой Компани» компаниясы 37,65 миллион сом алганга жетишип калган болчу.

Бассейн 1-октябрда эле пайдаланууга өткөрүлүп берилмек, бирок бассейндин ачылышы бир ай кечикти.

Компания «мыйзамдуу» тандалган

Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Койчу Ибраимов ал кезде анын кызматкерлери кылмыш жообуна тартылбашы керек деп билдирген.

«Каталар бар, бирок биз муну кылмыш жоопкерчилиги эмес деп эсептейбиз. Бул жол-жобо…» — деген ал.

Мэриянын басма сөз кызматы расмий сайтында билдирүү таратып, анда капиталдык курулуш башкармалыгы (ККБ) «кылмыш ишинин козголушу тууралуу ЖМКдан билгенин» кабарлаган.

«Бишкек мэриясынын ККБ ага каршы кылмыш ишин козгоо тууралуу токтом менен тааныштырылган эмес. Башкы прокуратура мыйзам белгилеген тартипте […] Бишкек мэриясынын ККБна каршы негизсиз дооматтарды териштирип, башкармалыкты негизсиз айыптоодон коргоону камсыз кылат деп үмүттөнөбүз», — деп айтылат билдирүүдө.

Беш жылга созулган оңдоо иштери

«Дельфин» бассейни 1957-жылы пайдаланууга өткөрүлүп берилген. Узак убакыт бою бул бассейнде улуттук курама команданын суучулдары машыгып келишкен. Бассейн оңдоо жумуштарына 2011-жылы жабылган. Андан бери шаар жетекчилиги аны бир нече жолу оңдоп чыгууга аракеттенген, бирок сөздөн ары иш болгон эмес.

Бассейнди оңдоп чыгыш үчүн Иса Өмүркулов Бишкектин мэри болуп турганда 5 миллион сом бөлүп берген. Бирок иш учурунда олуттуу кыйынчылыктар бар экени ачыкка чыгып, оңдоо иштерине бөлүнүп берилген бюджет жетпей калган.

Кийинки мэр Кубанычбек Кулматов адистердин берген баасынан кийин оңдоо иштеринин толук топтому 50 миллион сомдон ашып кетээрин айтып, жаңы бассейн салууну сунуш кылган.

Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов 2016-жылдын май айында бассейнди оңдоого 57,6 миллион сом бөлүнгөнүн билдирген.

Сүрөт: «Заноза»