«Дельфиндин» оңдоп-түзөө иштери: Мамлекеттик сатып алуудагы коррупциядан улам кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Бишкектеги «Дельфин» бассейнин оңдоп-түзөө иштеринде тендер өткөрүүдөгү мыйзам бузууларга карата иш козгоду.

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы 20-майда «Дельфин» бассейнинин капиталдык ремонтуна тендер жарыялаган, ага 56 миллион сом бөлүнгөн. 

Тендерди «Комстрой Компани» утуп алган. Аталган компания тендер жарыялангандан бир ай мурда эле, 20-апрелде кайра катталган болуп чыкты. Компаниянын ээси — түрк ишкери Асиф Маис Оглы Казимов.  

«Комстрой компани» оңдоп-түзөө иштерин 47,7 миллион сомго бүтүрүп берүүнү убада кылган. Андан сырткары, «Комстрой компани» сунуштаган баадан бир канча төмөн бааны айткан төрт компания да тизмеде бар болгон:   

— ОсОО «Евростандарт» — 39,2 миллион сом;
— ОсОО «Ош-Инжстрой» — 45,79 миллион сом;
— ОсОО «Дельта-Лот» — 36,5 миллион сом;
— ОсОО «Элит-Строй-Сити» — 41,93 миллион сом.

Прокуратура 2-октябрь күнү Капиталдык курулуш Башкармалыгынын жетекчилигине карата иш козгоду. Анда, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана Кыргызстандын кызыкчылыгынан сырткары келишим түзүү боюнча айыптоолор тагылган.

Ал эми «Дельфин» 1-октябрда пайдаланууга берилиши керек болчу. Бирок, оңдоп-түзөө иштери бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек, ал эми «Комстрой Компани» 37,65 миллион сомду капчыкка салган.   

«Дельфинге» барып көргөн Kloop.kgнин кабарчысынын айтуусунда, оңдоп-түзөө иштери али жүрүп жатат. Куруучулар болсо, ремонт иштери ушул аптанын аягына чейин бүтөөрүн айтышкан.  

Компания «мыйзамдуу» тандалган

Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш Башкармалыгынын башчысынын орун басары Койчу Ибраимовдун билдирүүсүндө, анын кызматкерлери кылмышка тартылышына негиз жок.

«Каталар бар, бирок бул кылмыш ишин козгоого негиз болуп бербейт, бул жараян...», — деди ал.

Прокуратура болсо, тандалып алынган компания ишмердүүлүгү боюнча туура келбейт. Юридикалык тараптардын реестринин маалыматында, «Комстрой Компанинин» ишмердүүлүгү — турак жай куруу багытында болгон.  

Сынакта болсо, мисал катары компания «Бишкек» СЭЗги жатаканалардын курулуштарын көрсөткөн.  

Ибраимовдун айтуусу боюнча, жеңүүчү-компания квалификациялык жана профилдик талаптарга жооп берет.

«Бул компания консорциумда болгондугу үчүн, мыйзам чегинде тандалып алынган», — деди ККБнын башчысынын орун басары.  

Убадаларга— беш жыл

«Дельфин» бассейни 1957-жылы пайдаланууга берилген жана 2011-жылы жабылган. Бүгүнкү күнгө чейин, бийлик төбөлдөрү бассейн жөнүндө кеп салышып, бирок оңдоп-түзөө иштери колго алынбай келген.  

«Дельфин» бассейнин кайрадан түптөө боюнча ушул жылдын май айында Бишкектин мэри Албек Ибраимов демилге көтөрүп чыккан. Мэрия оңдоп-түзөөгө 57,6 миллион сом бөлгөн.  

Мурдагы мэр Кубанычбек Кулматов, жалпы оңдоп-түзөөгө кете турган каражаттын суммасын карап чыгып — 50 миллион сомдон жогору — жаңы бассейн курууну сунуштаган.

Иса Өмүркулов мэр болуп турганда, бассейндин оңдоп-түзөө иштерине 5 миллион сом бөлгөн. Бирок, ремонт учурунда курулуш иштери боюнча олуттуу көйгөйлөр орун алган эле — анда аткаруучу компания бассейндин темир конструкциясын заң басып калганын жана чатыры урап калаарын да айткан болчу.

«Дельфинде» көп жылдар аралыгында улуттук кураманын мүчөлөрү машыгуучу. 2011-жылы имарат авариялык абалда экендиги такталып, жабылган болчу.  

Соавторлор: Метин Джумагулов, Азат Рузиев
Видео: Тилек Бейшеналы уулу, Азат Рузиев