Футбол: Кыргызстан Филиппинден 0:1 эсебинде утулуп калды

Кыргызстан менен Филиппиндин курама командаларынын ортосундагы жолдоштук матч 0:1 эсебинде талаа кожоюндарынын пайдасына аяктады. Бул кыргыз курама командасынын тарыхында жүзүнчү расмий оюн болчу.

Эки курама команданын ортосундагы мурунку жолдоштук беттешүү 6-сентябрда Бишкекте өткөн. Анда Филиппиндин курама командасы 2:1 эсеби менен утулуп калган.

Беттешүүнүн биринчи бөлүгү күйөрмандарды кооптуу учурлары менен кубандырып, бирок голго жеткирген жок. Эсеп матчтын 66-мүнөтүндө гана ачылды.

Кыргызстан курама командасынын коргоочуларынын өтө орой катасынын кесепетинин айынан филиппин командасынын чабуулчусу Мисах Бахадоран жалгыз кирип барып чечүүчү топту киргизди.

Гол өтүп кеткенден кийин кыргызстандыктар чабуулга өтүп, атаандашын коргонууда ката кетиргенге мажбур кылып жатышты. Бирок көп сандаган стандарттар голго жеткирген жок. Жарым коргоочу Ахлетдин Исраилов штрафтык соккуда топту дарбазанын өзүнө тийгизип алды, ал эми Мирбек Ахматалиев атаандашынын штрафтык аянтчасында коргоочу Виктор Майердин өткөрүп берген тобуна жетпей калды.

Матч Филиппиндин курама командасынын пайдасына 1:0 эсебинде аяктады.

Матчка расмий өтүнмөдө Кыргызстандын курама командасынын жарым коргоочусу Мирлан Мурзаев болгон жок. Футболчуну анын клубу — түрктөрдүн «Ушакспору» жибербей койду.

Беттешүүгө травмасы айыга элек Валерий Кичин да катышпай калды. Кыргызстандын курама командасынын жана орусиялык «Енисей» футбол клубунун коргоочусу бул оюндан кийин Бахрейнге каршы матчка даярданыш үчүн улуттук курама командадагы жолдошторуна кошулат.

Матч Rizal Memorial Stadium стадионунда Манила шаарында өттү.

Бул матч Кыргызстандын курама командасынын тарыхында жүзүнчү расмий матч болуп калды. Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы түзүлгөндөн бери өткөрүлгөн расмий жүз оюндан тышкары, улуттук курама команда ФИФАнын календарына кирбеген дагы 14 матч өткөрдү.

Филиппин менен Кыргызстандын курама командаларынын ортосундагы жолдоштук матч расмий статуска ээ жана анын жыйынтыгы 24-ноябрда жарык көрө турган ФИФАнын курама командалар рейтингиндеги абалга таасир этет. Азыр Кыргызстан 100-орунда турат.

Ноябрда Александр Крестининдин командасы дагы бир сырткы жолдоштук беттешүү өткөрөт — 15-ноябрда кыргызстандыктар Бахрейнге каршы ойношот.

Сүрөт: «АКИпресс»