Мэрия менен билим берүү министрлиги Бишкектеги №61 мектептин айланасындагы жаңжалды иликтейт

Билим берүү министрлиги Бишкек мэриясы менен биргеликте комиссия түзүп, №61 мектеп-гимназиясынын айланасындагы жаңжалды иликтейт. Жаңжал парламенттин депутаты мектеп мугалими баланы «сабаганы» боюнча айткандан кийин тутанган.

Мекемелер аралык комиссияга баланын мугалим тарабынан «токмоктолгонун» иликтөө тапшырмасы берилген. Ал үчүн комиссия 2016-жылдын 20-ноябрына чейин бардык белгилүү факттарды, ошондой эле 61-мектептин окуучуларынын ата-энелеринин кайрылуу жана арыздарын текшерет.

Бишкек мэриясынын, шаардык билим берүү башкармалыгынын жана Биринчи май райондук билим берүү борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жыйналышта комиссия түзүү чечими кабыл алынган.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын начальниги Сауле Мейрановага баланы мектепке кайтаруу боюнча «чара көрүү» тапшырмасы берилген. Ага 2-класстын окуучусу Ырыскелди Осмоновдун мындан аркы билим алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүсү тапшырылган. Окуучунун энеси мектеп мугалимин баласын токмоктогонун айтып айыптаган болчу.

Андан сырткары комиссия «чыр-чатакка жол берген жоопкерчиликтүү тараптар маселесин» карашы керек.

Комиссиянын курамына Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева, балдардын укуктарын коргоо боюнча коомдук уюмдарынын өкүлдөрү «Балдардын укуктарын коргоочулар лигасынан» Назгүл Турдубекова жана «Таза Табийгат» коомдук бирикмесинен Анара Дауталиева да кирген.

Тазабек Икрамов парламент отурумунда №61 мектептин мугалими баланы «токмоктогонун» айткан.

Мектептин айланасындагы жаңжал 3-ноябрда башталган. Анда парламент отурумунда депутат Тазабек Икрамов №61 мектеп гимназиясынын педагогуна арыз келип түшкөнүн айткан.

Айтымында, арызда №61 мектептин педагогу 2-класстын окуучусун ата-энелер комитети Мугалимдер күнүндө ага кир жуугуч алып берүүдөн баш тарткандыктан улам токмоктогон адеп жазылган.

Биринчи май ИИБге 2-класстын окуучуусу Ырыскелди Осмоновдун энесинин арызы келип түшкөн. Анда ал баласын мугалим токмоктогонун жазган. Медициналык экспертизанын жыйынтыктары боюнча баланын ийиндеринде көгөргөн жерлер аныкталган.

Мектеп директору Юрий Низовской Kloop.kgге айткандай, мугалим баланы сабаган эмес, болгону жөн эле колунан тартып койгон.

Директордун айтымында, билим берүү мекемеси анын протекциясындагы баланы сынактан тышкары кабыл алуудан баш тарткандан кийин депутаттын биринчи жолу мектептин репутациясын бузуу далалаты эмес.

Депутат Тазабек Икрамов Kloop.kgге курган маегинде чын эле окуучуну мектепке кабыл алуусун өтүнүп кат жазганын мойнуна алды.

Депутаттын айтымында, ага Дамирбек Мамытов аттуу жаран кайрылып, уулунун математикалык мектепте билим алуусун каалаганын, бирок кирип жатканда төлөнчү акчаны төлөй албаганын айткандыктан кат жазган.

Депутаттын катынан кийин баланы №61 мектеп-гимназиясына кабыл алышкан эмес. Дамирбек Мамытов болсо баласын башка мектепке киргизген.

Мектеп директору Юрий Низовскийдин айтымында, баланы кабыл албай койгондон кийин мекемеде коррупцияны текшерүү боюнча депутат комиссия түзгөн. Ал кошумчалагандай, сентябрдан бери мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү мектепке маал-маалы менен текшерүү жүргүзүү үчүн келүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА:


Депутат Икрамов №61-мектепке каршы. Эмне белгилүү?