Тышкы миграция жөнүндө мыйзамдын жаңы ченемдери чет өлкөлүктөрдү Кыргызстанга келгенден кийин беш жумуш күнүнүн ичинде каттоого турууга милдеттендирет. Кыргызстандыктардын ачуусун келтирген бул мыйзам парламентте акыркы окууда бир добуштан жактырылган. Депутаттар бул ченемдердин кабыл алынышын эмне менен түшүндүрүштү?
Каттоонун жаңы эрежелери 4-ноябрда күчүнө кирди. Аларга ылайык, чет өлкөлүктөр Кыргызстанда келгенден тартып 5 жумуш күнүнүн ичинде каттоого турууга тийиш. Кыргызстанда катталбастан 30 күн жүрө ала турган ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө мунун тиешеси жок.
Мөөнөттү бузгандарга 10 миң сом штраф каралган.
Мыйзам долбоору 3-окууда каралып жаткандагы жыйынга келбеген сегиз депутатты эске албаганда, парламент өкүлдөрү түзөтүүлөрдү бир добуштан колдоп беришкен. Бюрократия менен паспорт столдорундагы узун кезектер тууралуу даттанган кыргызстандыктар менен чет өлкөлүктөр ачууланып чыккан соң парламенттин депутаттары бул ченемдерди алып таштоо жөнүндө ойлоно башташты.
Бул эрежелерди киргизүүгө башында эмне себеп болду эле?
Элвира Сурабалдиева, КСДП
«[Эл аралык иштер боюнча комитетте] мыйзам долбоору каралып жатканда, кесиптештерим талкуулаган анын багыты, өңүтү негизинен коркунуч [коопсуздук] болсо керек эле. […] Бизге жөн эле чет өлкөлүктөр жакпай калган жок. […] Экстремизмге байланышкан өтө көп маселе болсо керек эле, эсиңиздеби, катары менен бир нече элчилик кандайдыр террордук аракет даярдалып жатканы тууралуу эскертүү жарыялаган».
Нургазы Нишанов, «Республика – Ата-Журт»
«Өзүңөр көрүп турасыңар, дүйнөдө бардык жерде террордук аракеттер жүрүп жатат. Биз бул [мыйзам долбоорун] улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн кабыл алдык. Бул мыйзам жокко чыгарылса, башка, жумшагыраагын кабыл алабыз. Бирок чет өлкөлүк жарандар биздин республикага келгенде сөзсүз катталышы керек. […] Беш күн деп өтө эле катуу талап коюп салыптырбыз, балким дагы карап көрөбүз».
Каныбек Иманалиев, «Ата Мекен»
«Азыр биз жаңы мыйзам долбоорун даярдап жатабыз. […] Баяндамачылар биздикилерге [депутаттарга] анын натыйжасы кандай болоорун түшүндүрүшкөн жок да. […] Бул кемчиликти жоюу зарыл, жаңы мыйзам долбоорунда алып ташташ керек. […] Эртең биз комитетте бул беренени алып таштоону талкуулайбыз».
Аида Исмаилова, «Республика – Ата-Журт»
«Биз иш жүзүндө кандай болоорун билген жокпуз да. Бүгүн, кечээ ошол эле “Фэйсбукта”, коомдук түйүндөрдө иш жүзүндө кыйынчылыктар келип чыгып жатканын көрө баштадым. Чет өлкөлүктөр өтө кыйналып калып атат, биз болсо инвестиция тартып, аларга биздин экономиканы көтөргүдөй жол ачып беришибиз керек. Башка жагынан экстремизм, терроризм да күч алууда. Маселе ошондо эле болуш керек».
Максат Сабиров, «Республика – Ата-Журт»
«Мен да карап көрөйүн, анткени англис тилдүү мамлекеттерге биз визасыз режим жасап бербедик беле. Алар келгенде ансыз деле каттоого турушат да. Менимче 5 жана 30 күн — Бажы биримдигине кирген өлкөлөр үчүн гана колдонулуучу ченем».
Рада Туманбаева, «Республика – Ата-Журт»
«Мен каршы болсом керек эле. […] Демек мен жаңылган экенмин. Бирок мен каршымын, чын эле каршымын. Жөн гана мен бул мыйзамга же дегеле бардык мыйзамдарга кайдыгер экенимди билдирбейт. Бизде кээде ушундай болот, маселе туура эмес коюлат. Эгерде ал биринчи окуу болсо аны жокко чыгара турган экичи окуу деле бар да».
[Чындыгында мыйзам үч окууда кабыл алынып, президент кол коюп койгон. – ред.]
Тазабек Икрамов, «Өнүгүү-Прогресс»
«Билбейм… Азыр бош эмесмин...».
Кубанычбек Нурматов, «Кыргызстан»
«Көп мыйзамдарды шашылыш алып келип бизге добуш берүүгө коюшат. Кээде талдоо жүргүзүлбөйт. Мына мисалы ушул беш күндүк [мөөнөттүн] — жөнү жок. […] Иш жүзүндө Кыргызстан тараптан эч кандай даярдык жок экенин көрүп турабыз. […] Бул Мамкаттоонун күнөөсү, алар талашып, буга эч кандай даярдыгы жок экенин айтышы керек болчу. Мен башка жолун сунуш кылгам. Чек арадан өткөндө каттап коюш керек, ошол жерден эле канча күнгө келгенин сураш керек, 10-20 күнбү, эгерде чыгып кетпесе компьютер сигнал бериши керек».
Абдумажит Юсуров, «Өнүгүү-Прогресс»
«Мен адегенде тактайынчы. Мен тактайын, бул маселе добуш берүүдө талкууланды беле? Мен чын эле добуш бердим беле же берген жок белем, билгим келип атат, анткени мен иш сапарында болчумун […] Кайсы окууда? Мыйзам кабыл алыныптырбы? Мына ошо мен тактайын дегем да, мен жок болчумун ал жерде».
[Юсуров ошол күнү жок болгондур, бирок анын фамилиясы мыйзамды кабыл алыш үчүн добуш бергендердин тизмесинде бар.– ред.]
Мыйзам күчүнө киргенден тартып чет өлкөлүктөр каттоонун жүрүшүндө кыйынчылыктарга туш келишти: ал интернет-ресурстарда жана паспорт столдорунда жол-жобо тууралуу маалыматтын жоктугу, тилдик бөгөт жана кезектер болду.
Кыргызстандыктар менен чет өлкөлүктөр ачууланып чыгышкандан кийин бийлик каттоонун беш күндүк мөөнөтүн жокко чыгаруу боюнча кадамдарга бара баштады.
Мамкаттоо 67 өлкөнүн жараны үчүн бир жума ичинде бул эрежелерди жокко чыгарууга убада берди. Депутат, «Республика – Ата-Журт» фракциясынын башчысы Өмүрбек Бабанов да жаңы эрежелерди алып таштоону жактап чыкты, бирок ага чейин аларды колдоп добуш берген.