Футбол: Кыргызстан Бахрейн менен беттешүүдө тең чыкты

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы биринчи ирет Бахрейндин бир да голун киргизбей коюуга жетишти. Эр-Рифа шаарындагы жолдоштук беттешүү тең чыгыш менен аяктады.

Биринчи таймда командалар тең ата ойноп, атаандашынын дарбазасына жигердүү чабуул коюп жатышты. Эки команданын тең топ киргизе турган шарты бар болчу.

Экинчи таймда кыргызстандыктар демилгени колго алып, катуу чабуулга өтүштү. Атаандаштын дарбазасына үстөккө-босток чабуул коюлуп жатты. Бирок Филиппин менен болгон оюндагыдай эле, кыргызстандыктардын негизги талуу жери — түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу болду.

Талаанын кожоюндары да матчтын эсебин ача албай коюшту. Бахрейндин курама командасындагы оюнчулардын чабуулдары да ийгиликсиз бүттү. Оюн нөл эсебинде тең чыгыш менен аяктады.

Кыргызстан менен Бахрейндин ортосундагы матч Эр-Рифа шаарындагы Bahrain National Stadium стадионунда өттү.

Кыргызстан Бахрейн менен бешинчи жолу ойноп жатышы. Эки курама команданын төрт беттешүүсү расмий мүнөздө болчу. Кыргызстан бир беттешүүдө гана жеңишке жетишкен.

2013-жылы АФКнын Чакырык кубогуна даярдыктын алкагында кыргызстандыктар Бахрейнге конокко барып, 3:1 эсебинде утуп алышкан, бирок ал оюн ФИФАнын расмий календарына кирген эмес.

Октябрдагы ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 99-орунду, Бахрейн болсо 123-орунду ээлеген.

Ноябрда Александр Крестинин баштаган команда дагы бир жолдоштук беттешүү өткөргөн. Филиппинде конок болгондогу матчта кыргызстандыктар 0:1 эсебинде утулуп калышкан.

Эки матчтын тең расмий статусу бар, алар эсепке кирет жана 24-ноябрда чыга турган Эл аралык футбол федерациясынын рейтингиндеги командалардын абалына таасир тийгизет.

Сүрөт: Кыргызстандын футбол федерациясы