Кыргыз бийчилери Орусиядагы эл аралык балет сынагында байгелүү орундарга ээ болушту

Кыргыз балетинин эки артисти Марат Сыдыков менен Фарух Садыркулов Орусиядагы эл аралык «Гран-при Сибири» («Сибирь гран-приси») сынагында үчүнчү орун алышты. Алардын бири сынган колу менен бийледи.

Кыргызстандын балет артисттеринин тобу «Гран-при Сибири» эл аралык сынагына катышты. Алардын экөө — Марат Сыдыков жана Фарух Садыркулов — уландар арасында улуу топтогулар категориясында үчүнчү орун алышты. Сынактан кийин Кыргызстандан барган артисттер Санкт-Петербургда гастролдошту.

«Гран-при Сибири» сынагында коло медаль алган Фарух Садыркулов сынакта Кыргызстандан барган артисттердин бир бөлүгү гана чыгып өнөр көрсөткөнүн айтты.

Балет артисти Фарух Садыркулов сынакта колунун татаал сыныгына карабай эл алдына чыгып, коло медаль утуп алды.

Фарух сынакка колун гипстетип алып барган — ал 8-ноябрда «Жин» спектаклинин бет ачаарында колунун үстүнө жыгылып кетип, колун оңой менен айыкпагыдай кылып сындырып алган.

«Сынык бир топ татаал, эки чабак шиш коюшкан, гипсти чечүүгө уруксат беришкен эмес. Бирок сынакта ушунчалык катуу тандоо жүргөндүктөн, телегейи тегиз чыккыбыз келди. Гипсти чечип, өзүмдү колго алып туруп бийлеп бердим», — деп айтып берди Садыркулов.

Натыйжада балеттин артисти жана анын кесиптеши Марат Сыдыков «Гран-при Сибири» сынагында үчүнчү орун алышты. Азыр Фарух кыргызстандык башка артисттер менен кошо Санкт-Петербургда гастролдоп жүрөт.

«Гран-при Сибири» сынагында коло медаль уткан дагы бир кыргызстандык — Марат Сыдыков.

Сынак Орусияда, Красноярск шаарында ноябрдын 8инен 12сине чейин эки айлампа менен жүрдү.

Орусиянын көркөм өнөрүнө эмгек сиңирген ишмер, Балеттик сынактардын эл аралык федерациясынын башкы директору Сергей Усанов Красноярскта өткөн сынактын деңгээли «кыйла жогору» деп эсептейт.

Анын айтымында, өткөрүлгөн сынак дүйнөдөгү 15 эң мыкты балет сынактарынын бирине кирет.

Сынакка Германиянын, Италиянын, Жапониянын, Орусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Украинанын өкүлдөрү катышты. Жалпысынан аялдар, эркектер балетинен тартып балдар балетине чейинки ар кайсы категорияларда 40ка жакын бийчи өнөр көрсөттү.

Сынактын катышуучуларынын жөндөмүн жана бий техникасын балет өнөрүнүн эң мыкты өкүлдөрү баалап отурушту, ал эми калыстар тобун хореограф, Париж Операсынын балет труппасынын мурдагы директору Брижит Лефевр (Франция) жетектеди.

Уландар арасындагы жашы улуулардын тобунда биринчи сыйлыкты Окава Коя (Жапония) жана Юрий Кудрявцев (Красноярск, Орусия) бөлүп алышты. Экинчи орунду Серик Накыспеков (Казакстан) жана Дмитрий Дьячков (Красноярск, Орусия) ээлешти. Үчүнчү орун кыргызстандыктарга — Марат Сыдыковго жана Фарух Садыркуловго ыйгарылды.

Бул Балеттик сынактардын эл аралык федерациясынын колдоосу менен өткөрүлүп жаткан «Балет XXI кылым» аттуу үчүнчү эл аралык форум. Кыргызстандыктар ага биринчи жолу катышып отурушат.

Жыл сайын өтүүчү сынактын максаты — балет салттарын сактап калуу жана өнүктүрүү, Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн келечектүү жаш артисттерин элге алып чыгуу.

ТЕМА БОЮНЧА:


«“Балерон” десе уруп ийгиң келет». Кыргыз балетиндеги эркектер кантип жашайт?