«Азаттык»: Иса Өмүркулов Атамбаевди «журт атасы» деп атады

Парламенттеги КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов президент Алмазбек Атамбаев журт атасы жана Конституциянын кепили болоорун айтты.

КӨҢҮЛ БУРГУЛА: Ушул материал «Азаттык» үналгысынын сайтында чыккандан бир сутка өткөндөн кийин Өмүркулов Атамбаевди «улут атасы» эмес, «журт атасы» деп айтканын билдирди. Бул эки квази-наамдын ортосунда маанилүү айырма барбы же жокпу? Комментарий жазгыла.

Депутат өз пикирин басма сөз жыйынында, «Ата Мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин президент Атамбаевге импичмент жарыялоо тууралуу демилгесине комментарий берип жатып билдирди.

«Бүгүнкү басма сөз жыйынында айтылган негиздер боюнча импичмент жарыялаш үчүн эч кандай негиз жок. Президент кызматына киришкенден кийин саясий ишмердүүлүк менен алектенбейт. Ал журт атасы, Конституциянын кепили болот. Анын аракетинде КСДП партиясын жактап сүйлөгөн нерсе жок. Ал партиянын фондунан жардам бергени тууралуу болсо…, ал үчүн саясий кеңеш деген бар, ал жумуш убактысынан тышкары саясий ишмердүүлүк менен алек боло алат, алар талапкерлигин көрсөтүп, шайлана алышат», — деген Өмүркуловдун сөзүнөн үзүндү келтирет АКИпресс маалымат агенттиги.

Ага чейин Өмүрбек Текебаев президентке импичмент жарыялаш үчүн материалдар топтоло баштай турганын билдирген.

Анын айтымында, мамлекет башчысы жана анын тегерегиндеги адамдар бийликти узурпация кылып алышкан, алар «Альфа Телекомдун» иши боюнча оппозициячы саясатчыларды каралоо өнөктүгүн жүргүзүп жатышат.

Текебаев ченемдик база боло турган зарыл материалдарды топтош үчүн 2-3 ай кете турганын кошумчалады. Анын айтымында, бир катар мамлекеттик адамдардан маалымат чогултуш керек.

«Ата Мекендин» жетекчиси импичмент жарыялоого колдоо көрсөтүүнү өтүнүп, жарандык активисттерге, өкмөттүк эмес уюмдарга жана парламенттин депутаттарына кайрылды.

«Президент кызматтан түшөт. Бул анык. Анын тегерегиндегилер бийликти өз колунда кармап кала албайт жана бул да анык», — деди саясатчы.

Материалдын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтында жарык көргөн.