Бишкек: Бийлик кардын айынан бактар кулашы мүмкүн экенин эскертти

Мамэкотехинспекция бишкектиктерге бактар жана бутактар кулашы мүмкүн экенин эскертти. 19-ноябрда кар калың түшкөндүктөн анын салмагына чыдабай көп бактар кулап калган.

Мамэкотехинспекциянын Бишкек бөлүмү шаардыктарга бактардын астында абайлап жүруш керек экендигин, анткени бутактар кулап калуу коркунучу дагы эле бар экенин эскертти.

«Жалбырак толук түшүп бүтө электе кардын бир айлык өлчөмү жаап салганына байланыштуу жана башкалаадагы бак-дарактардын бир топ бөлүгү 1950-1960 жылдары отургузулгандыктан бактар кулап, бутактар сынып түшө турган коркунуч дагы эле бар», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

«Зеленстрой» муниципалдык ишканасынын экологу Сергей Крамер Kloop.kgге шаардыктардан кулап түшкөн бактар жана сынып түшкөн бутактар тууралуу жалпысынан 596 арыз түшкөнүн айтты. Ишкананын адистери алгачкы иш күнүндө кулап түшкөн бактар менен сынып түшкөн бутактардын 96сын эсепке алышты.

«Биздин ишкананын кызматкерлери кулап түшкөн сөңгөктөрдү күнү-түнү алып жатышат. […] Негизинен алар кардын оордугун көтөрө албаган ичке бактар менен жоон бутактар», — деди ал.

Крамер кулап түшкөн бактардан жабыркагандардын тарткан зыянын мэрия алардан арыз келип түшкөндөн кийин төлөөрүн да кошумчалады.

«Биздин маалымат боюнча жалпысынан 43 автоунаа зыянга учураган. Зыянга учураган автоунааларды калыбына келтирүү маселеси жабыркагандардын арыздары боюнча сот аркылуу каралат», — деди ал.

Кыргызстандын ӨКМнин маалыматы боюнча, айдын башы эң жылуу болгонуна карабастан Бишкекте ноябрдын 19унан 21ине чейин бир айлык кар жааган.

ТЕМА БОЮНЧА:


Сүрөт: Бишкек кардын жаашын кантип өткөрдү?

Сүрөтү: Метин Жумагулов