ЗИЛ тоо лыжа базасы жабылбайт — администрация менен жергиликтүү тургундар кепке келишти

ЗИЛ тоо лыжа базасынын жетекчилиги менен Үч-Эмчек айылынын тургундары кепке келишти, эми эс алуу зонасы жабылбай турган болду. Бийлик өкүлдөрү базанын аймагында базар салгысы келген айылдыктарга башка жер бөлүп берүүнү убадалашты.

Үч-Эмчек айылынын тургундары менен тоо лыжа базасынын жетекчилигинин ортосундагы чатак жөнгө салынды. Чатакка жергиликтүү тургундар базанын жанына базар салып, автоунаа токтотмосуна контейнер коюп алышканы себеп болгон.

Ысык-Ата районунун администрациясы уюштурган сүйлөшүүдөн кийин тараптар кепке келишип, жергиликтүү тургундарга кичи базар ачыш үчүн башка жер бөлүнүп берилмек болду.

«Туристтик сезонго даярдык башталганы турат, декабрдын башында ЗИЛ базасында тоо лыжа сезонунун расмий ачылышын өткөрүү пландаштырылып жатат. Макулдашууга ылайык жергиликтүү тургундар контейнерлерин декабрдын башына чейин алып кетиши керек, аларга башка жер сунуш кылышты, алар ошого макул болушту», — деди Чүй обладминистрациясынын басма сөз катчысы Жылдыз Шеримбекова.

Басма сөз катчынын айтымында, ЗИЛ базасынын жетекчилиги менен жергиликтүү тургундардын ортосунда былтыр да чыр чыккан. Ал быйылкы чатакка базанын жетекчилиги ижара акысын төлөгөн жерге айыл тургундары контейнер коюп алышканы себеп болгонун айтты.

ЗИЛ тоо лыжа базасынын башкы директору Акбар Рыскулов «Азаттык» үналгысына бул жер үчүн жыл сайын 20 миң сом төлөп келгенин, бирок айыл арасында эч ким түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөнүн айткан.

«Алар "тоо лыжа базасы акча төлөбөсө, демек жер бош экен" деп ойлошкон. Документтер менен чектерди көрсөткөндөн кийин дооматка негиз жок калып, жергиликтүү тургундар туура эмес кылышканын моюнга алышты», — деген ал.

Рыскуловдун айтымында, жергиликтүү тургундардын буга чейин коюлган контейнерлеринин баары алынат, жер болсо унаа токтотмо үчүн пайдаланылат.

Үч-Эмчек айылынын тургуну Азамат Текчеров Kloop.kgге чатак чечилгенин айтты, бирок ал жергиликтүү тургундарга контейнер коюуга кайрадан тыюу салынбай тургандыгына кепилдик жок деп эсептейт.

«Азыр ЗИЛ базасы лыжа тебүү сезонуна даярдык көрө баштады. Биздин айыл башчы акимиаттагы жолугушууга барган, администрация контейнерлер үчүн башка жер бөлүп берди. Бирок аларды ошол жерге жыл сайын коюуга уруксат берилет деген кепилдик жок, базанын жетекчилиги кандайдыр чырга себеп таап турат», — деди ал.

Жабылуу коркунучу

Ноябрдын башында Чүй облусундагы ЗИЛ тоо лыжа базасы жабылуу коркунучуна туш келген, анда базанын жетекчилиги менен Үч-Эмчек айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Чырга айылдыктар базанын аймагында базар салууга аракет кылышканы себеп болгон.

Бул чатак беш жылга созулган. Айыл тургундары өз аракеттерин базанын жетекчилиги менен макулдашпай, туристтердин эсебинен акча тапкысы келет.

Быйыл алар контейнер коюп, шаймандарды киреге бере турган базар салууну пландаштырышкан. Алар тоо лыжа базасынын аймагында базар салууга айыл администрациясынан уруксат алышканын айтышкан.

Бирок, тоо лыжа базасынын башчысы Акбар Рыскуловдун айтымында, базар база такай ижара акысын төлөп жүргөн ЗИЛдин унаа токтотуучу жайына жайгашып калган.