ЗИЛ лыжа базасы жергиликтүү тургундар менен болгон жаңжалдан улам жабылууда. Эмне белгилүү?

Чүй облусундагы ЗИЛ лыжа базасы Үч-Эмчек айылынын тургундары менен болгон чыр-чатактан улам жабылууда. Ага айыл тургундарынын базанын айланасында базар салууга аракет кылганы себеп болгон.

«Тепкилеп кууп сала жаздашты», — деп кыжырданат ЗИЛ лыжа базасынын директору Акбар Рыскулов, ары жактан анын кызматкерлери техникаларды чогултуп, баарын кулпулап бекитип жаткан убакта.

Кыргызстандын Чүй облусундагы популярдуу лыжа базаларынын бири болгон ЗИЛ администрация менен жергиликтүү тургундардын жаңжалынан улам жабылып жатат.

Бул чыр-чатак беш жылдан бери уланып келген, эми болсо мынтип баары үчүн жоготуу менен аяктап жатат. ЗИЛ балким эми эле башталып жаткан лыжа сезонунан акча иштеп таба албайт, ал эми Үч-Эмчек айылынын тургундарына базар курууга кажет деле калган жок. Талаш-тартыштын себеби да ушул эле.

Жергиликтүү тургундар базага эс алуу үчүн келгендердин эсебинен акча таап калууну көздөшкөн. Акыркы убактарда Кыргызстандагы тоо лыжа спортунун популярдуулугунун өсүшү фонунда адамдардын саны да бир топ көбөйгөн.

Базага жакын жайгашкан айылдын жашоочулары 2014-жылдан бери анын айланасына контейнерлерди орнотушуп, кичинекей базарга айлантып алышкан. Алардын ишендиришинче, бул аймакка базардын жайгашуусу боюнча айылдык кеңештен уруксат алышкан.

Бирок лыжа базасынын директорунун айтымында, базарды ЗИЛдин машина токтотуучу жайына куруп алышкан. Ошондуктан ал контейнерлерди жылдырып, эс алууга келгендердин автомобилдери үчүн токтотуучу жайды бошотууну чечкен.

Бул Үч-Эмчектин тургундарынын ачуусуна тийген.

Компенсациянын айланасындагы соодалашуу

«Алар каршы болуп, бул алардын жери экенин, бизди кууп салаарын айта башташты», — деп даттанат ЗИЛдин директору Рыскулов.

Контейнерлердин ээлери каршылык көрсөтүп, эч нерсени албай койгондон кийин базанын администрациясы милиция чакырган.

Милиция Үч-Эмчектин жашоочуларына алардын аракеттери мыйзамсыз экендигин түшүндүрүшкөн. Алар базардын курулушун токтотуп, базанын жабылышын талап кыла баштаган.

«Биз күтүп турабыз, техникаңарды чогулткула да кеткиле деп айттык», — дейт Азамат Текчеров, Үч-Эмчек айылынын жашоочуларынын бири.

Житель Уч-Эмчека Азамат Текчеров считает. что они проживут и без туристической базы поблизости.
Үч-Эмчектин жашоочусу Азамат Текчеров алар туристтик базасыз деле жашай берээрин айтат.

Текчеровдун окуя боюнча өз версиясы бар. Ал лыжа базасынын жетекчилиги жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктарын эске алган эмес деп эсептейт.

«Качан база бул жерде жок экенинде биз кандайдыр бир жолдор менен жашап жаттык да. Ооба, Акбар байке келип, анын колунда биздин балдар иштеди, туура. Бирок ал өзү үчүн иштеп жатат, жергиликтүү тургундар менен тил табыша алган жок. Интернетте тургундарды терс жагынан тартып чыгарып жатат», — дейт Азамат.

Ал эми базанын директору Рыскулов болсо жергиликтүүлөр «көөп, өздөрүн кожоюн деп эсептеп алганын» айтып арызданат.

Жергиликтүүлөрдүн нааразычылыгын басыш үчүн ЗИЛ күнүнө үчэмчектиктерге базага 30 миң сомго барабар болгон 30 бекер кирүү билетин берген.

Бирок Рыскуловдун айтымында, популярдуулуктун өсүшү менен жашоочулар күнүнө 400 миң сомдук сый акы талап кыла башташкан.

Рыскулов мындай сунуштан такыр эле баш тартып, базаны жабам деп коркуткан. Жашоочулар болсо өз талаптарынан баш тартып, бирок контейнерлерде соодасын улантып, лыжа базасында бекер муз тебе беришкен.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү белгилегендей, жашоочулар менен базанын администрациясынын ортосундагы мындай жаңжал биринчи жолу чыгып жаткан жок жана жыл сайын абалды жөнгө салууга туура келген.

«Жергиликтүү тургундар — Кыргызстандагы бизнестин көйгөйү»

Жеке ишкерлер менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыккан чыр-чатактар Кыргызстанда сейрек кездешкен көрүнүш эмес. Эң ири жаңжал Ысык-Көл облусунда катталган. Анда тургундар жол тосуп, «Кумтөр» алтын кени компаниясынын ишин токтотушкан.

Жаштар канадалык инвесторлорду экология эрежелерин бузуу боюнча айыптап, жергиликтүү тургундарга көрсөтүлгөн финансылык жардамдар боюнча отчёт берүүсүн талап кылган.

Жергиликтүүлөр менен ишкерлердин ортосунда чыккан жаңжалдар боюнча так статистика жок. Бирок Ca-portal сайты белгилегендей, 2012-жылы бир гана тоо кендерин казуу тармагында эле инвесторлор менен жашоочулардын тогуз чыр-чатагы болгон.

Сүрөт: zil.kg