ФИФА «Алтын топко» үч талапкердин аттарын атады

ФИФА спорт уюму ушул жылдын эң мыкты наамына ат салышып жаткан үч футболчу менен машыктыруучуну аныктады.

ФИФАнын версиясы боюнча мыкты үчтүккө мадриддик «Реалдын» оюнучусу Криштиану Роналду, каталондук «Барселонанын» футболчусу Лионель Месси жана «Атлетико Мадридден» Антуан Гризманн кирген.

Криштиану Роналду — жарыштагы ачык эле фаворит. Ал 2016-жылы Европадагы эки ири трофейди багынтууга жетишкен. Май айында болсо мадриддик «Реалдын» курамында Чемпиондор лигасын жеңип алган, ал эми июлда, Португалия курамасынын капитаны болуп, аны Европанын чемпиону наамына алып барган.

Лионель Мессинин капчыгында да эки наам бар: Испания чемпионатынын жеңиши жана Өлкөнүн кубогу. Эки наамга тең «Барселонанын» курамы менен ээ болгон.

Испания чемпионаты боюнча өз атаандаштарынан айырмаланып Антуан Гризманн 2016-жылдагы багынткан наамдары менен мактана албайт. Француз Чемпиондор лигасында да, Европа чемпионатында да ойноп, бирок экөөндө тең Криштиану Роналду менен болгон беттеште жеңилип калган.

treners

Мыкты оюнчулар боюнча кимдин жеңээри болжолдуу белгилүү болуп калган болсо, ал эми машыктыруучулар боюнча интрига күч. Сыйлыкка ат салышып жаткандан: Клаудио Раньери («Лестер»), Фернанду Сантуш (Португалия курамасы) жана Зинедин Зидан («Реал»).

«Лестердин» устаты Раньери өтүп бараткан жылы өзүнүн командасы менен Англиянын Премьер-лигасынан утуп, чыныгы сенсацияны жарата алган.

Сантуш күтүлбөгөн жерден Португалия курамасы менен Эски дүйнөнүн башкы наамына ээ болгон.

Команданы сезондун ортосунда башкара баштаган мадриддик «Реалдын» машыктыруучусу Зинедин Зидан топту Чемпиондор лигасынын 11-кубогуна алып бара алган.

futbolistki

Аялдардын футболунда мыкты үчкө киргендер: немис Мелани Берингер, америкалык Карли Ллойд жана 12-жолу бразилиялык Марта Виейра да Силва.

molodye-f

Мындан сырткары салтанатта 2016-жылдын мыкты голу да аныкталат. Пушкаш сыйлыгына ат салышкандар: Жонат Морлоне («Коринтианс»), Данюшка Родригез (Колумбия), Мохд Фаиз Субри («Пенанг»).

«ФИФАнын алтын тобу» — жыл жыйынтыгы боюнча мыкты футболчуга берилген сыйлык.

Мурда эрежелер боюнча өзүнүн мыкты үч футболчусун жана машыктыруучусун улуттук кураманын капитандары, тренерлери жана ошондой эле спорт багытында жазган журналисттер сунуштап келген.

«Алтын топ» 2010-2015-жылдары ФИФА жана «France Football» басылмасы менен бирдикте ыйгарылып келген. 2016-жылдын сентябрында белгилүү болгондой, Эл аралык футбол федерациясы менен франциялык журналдын кызматташтыгына чекит коюлган.

Испаниялык «Барселонанын» чабуулчусу Лионель Месси Дүйнөнүн мыкты футболчусу болуп 2015-жылы бешинчи жолу тандалган. Ал эми мыкты машыктыруучу болуп каталондук клубдун тренери Луис Энрике аныкталган.

«Алтын топту» тапшыруу салтанаты 9-январда Цюрихте өтөт.