Жалал-Абад бийлиги КСДПнын талапкерлеринин тизмесин жокко чыгарганы үчүн «АШКга басым жасоодо»

Жалал-Абад бийлиги менен УКМК КСДПнын жергиликтүү кеңешке талапкерлерин тизмеден чыгарганы үчүн аймактык шайлоо комиссиясынын кызматкерлерине басым жасоодо. АШК өз аракеттеринин тууралыгын айтып жатса да, бирок Боршайком талапкерлерди четтетүүнүн мыйзамсыз экенин мойнуна алган.

Жалал-Абад шаардык Аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) кызматкерлеринин бири «Азаттык» радиосуна АШКга басым жасалып жатканын билдирген.

АШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңешке КСДПнын талапкерлерин четтеткенден кийин жергиликтүү бийлик менен УКМКнын кызматкерлеринин басымына кабылган.

АШКнын төрагасы Бактыкан Нуралиеванын айтымында, алгачкы каттоо учурунда КСДП бир нече катачылыктарды кетирген. Ал партиянын гендердик балансты сактабаганын жана документтерди туура эмес толтурганын байкабай калган.

Жалал-Абадда КСДПнын талапкерлерин четтетүү маселеси «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» жана «Ата-Журт» саясий партияларынан Боршайкомго жазган арызынан кийин каралган.

Кайра текшерүү маалында гендердик баланстын сакталбаганы жана документтердин туура эмес толтурулганы аныкталган. Андан соң АШКнын мүчөлөрү бир добуштан социал-демократтардын (КСДП) тизмесин жокко чыгарып, Боршайкомго токтомун жөнөтүшкөн.

Бирок 3-декабрда БШКдан кабарлашкандай, Жалал-Абад АШКсынын социал-демократтарды шайлоого катыштырбоо боюнча чечими жокко чыгарылган.

Боршайкомдун белгилешинче, Жалал-Абад АШКсы депутаттардын четтетилишине себеп болгон «колдогу натуура жагдайларды көрсөткөн эмес».

БШКнын басма сөз борборунун кызматкери Айболот Айдосов Kloop.kgге «жөн гана катачылык» кеткенин айтты. КСДПнын талапкерлери жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катыша алышат, ал эми Жалал-Абад АШКсына өз кызматкерлеринин «ээлеген кызматына ылайыктуулугу» маселесин кароону сунушташкан.

«Каттоо катачылыгы Жалал-Абаддагы АШКнын өзүндө болгон. КСДПнын Жалал-Абаддагы депутаттары тизмеден чыгарылбайт, жакынкы аралыкта бул маселе чечилет», — деди Айдосов.

Сүрөт: КСДП

ТЕМА БОЮНЧА:


Жалал-Абаддын АШКсы КСДПнын талапкерлеринин тизмесин жокко чыгарды