Криштиану Роналду менен Жозе Моуринью салыктан качты деп айыпталууда

Испаниянын салык кызматы Роналдунун иши боюнча иликтөө баштады. Португалиялык оюнчу 150 миллион евро өлчөмүндө салык төлөөдөн качты деп айыпталууда. Андан тышкары «Манчестер Юнайтеддин» насаатчысы Жозе Моуринью да алдамчылыкка тиешеси бар деп шек саналууда.

Жакында ЖМКда Мадрид «Реалынын» футболчусу Криштиану Роналду салыктан качкан деп шек саналып жаткандыгы тууралуу маалымат пайда болду.

Португалиялык оюнчу оффшор зоналарына чоң суммаларды которгон. Испаниянын El Mundo басылмасы Роналду 2014-жылы эле Британиянын Виргиния аралдарындагы банктарга 68 миллион доллар которгон деп далилдөөгө аракет кылууда.

Самуэль Это’О

Мурда Самуэль Это’О кылган өңдүү эле, Криштиану Роналду да жарнамалык контракттардан түшкөн акчаны оффшорго которгон. Башкалар менен катар алардын арасында: Nike, Konami, KFC, Toyota, Unilever бар.

Жозе Моуринью ошол эле схема менен аракеттенип, Мадрид «Реалынын» башкы машыктыруучусу болуп кызматта турганда 2010-жылдан 2013-жылга чейин оффшорго 13 миллион доллар которгон.

Португалиялыктардын агенти Жорже Мендеш эмитен эле дооматтардын баарын четке кагып, Роналду менен Моуринью испан салык кызматынын алдында карызы жок экени сөз болгон документтерди көрсөттү.

Бирок испан салыкчылары ишке киришип калышты. Marca гезити каржы маселелери боюнча мамлекеттик катчы Хосе Энрике Фернандес де Мойянын сөзүн келтирет:

«Силер билгендей, Испанияда салык инспекциясы абдан кесипкөй жана өзү зарыл деп эсептеген иликтөөнү жүргүзөт. Биз ЖМКда ушул жумада пайда болгон маалыматты текшериш үчүн бардык зарыл чараларды көрөбүз».

Экономисттердин айтымында, Испаниянын салык жаатындагы алдамчылыктан тарткан зыяны өлкөнүн ИДӨсүнүн 23 пайызына барабар деп бааланат. Бул Евробиримдиктин кайсы өлкөсүнөн болбосун көптүк кылат.

Сүрөт: Sportbox.ru