Сот оппозициячы Турдукуловго каршы Атамбаевдин мурдагы жан сакчысынын доо арызын кароону кийинкиге калтырды

Биринчи май райондук соту оппозициячы Адил Турдукуловго каршы президенттин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин доо арызын 9-декабрда карамак. Бирок доо арыздын каралышы «белгисиз себептерден улам» 16-декабрга жылдырылды.

Оппозициячы Адил Турдукулов сот доо арызды кароону «белгисиз себептерден улам» 16-декабрга калтырганын айтты.

«Даярданууга убакыт аз болгондуктан мен сотто өзүмдү өзүм коргоюн деп чечкем. Бирок азыр кийинкиге калтырылган соң мен бул арада жакшы адвокаттарды тапканга жетишем», — деди ал.

Турдукулов Интернеттеги «ар-намыска доо келтирген» жазууларды бир жыл бою этибар албай жүргөндөн кийин эми жаңжал чыгаруу Атамбаевдин жакындарына гана керек болгон деп эсептейт. Ал бул ишти бийлик комдук түйүндөрдөгү сөз эркиндигин кысымга алыш үчүн жасап жатат дейт.

«Мени Атамбаевдин өз буйругу менен сотко беришти деп эсептейм, анткени анын өзүнө арткыбаш ызы-чуу кереги жок болчу. Мен жазгандарым жөнүндө айта турган болсом, мен ал [Мамбеталиев] сериялуу киши өлтүргүч экенин айткан соттордун чечимдерине таянгам. Азыр да өз сөзүмдөн баш тартпайм», — деди ал.

Турдукуловдун айтымында, доочу Эркин Мамбеталиев сот процессине өзү катышпайт.

Мамбеталиев оппозициячы Адил Турдукуловго каршы «ар-намысын коргоо жөнүндө» доо арызын 21-ноябрда берген. Жоопкерге сот тууралуу маалымдама 5-декабрда келген, сот 9-декабрда болмок. Доо арызда Мамбеталиев ага моралдык чыгым үчүн 5 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган.

Ага Турдукулов «Фейсбукта» бир жылдан ашыгыраак убакыт мурун жарыя кылган жазуусу себеп болгон.

Алардын биринде ал Мамбеталиевди «киши өлтүргүч» деп атаган, экинчисинде «күнөөсү далилденген киши» 2010-жылы «Атамбаевдин жардамы болмоюнча» түрмөдөн чыкмак эмес деген пикирин жазган.

Доо арызында Мамбеталиев жарык көргөн маалыматтар ага моралдык зыян келтирип, алардын айынан ал «кабатыр болуп, ачуусу келип, уят болгонун» жазат.

Президенттердин жансакчысы

Эркин Мамбеталиев — атайын аскер бөлүгүнүн мурдагы жоокери жана мурдагы президент Аскар Акаев менен азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы.

«Азаттык» үналгысынын маалыматы боюнча, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп, 2005-жылы сегиз кишинин өлтүрүлүшү боюнча иштин алкагында жоопко тартылган. Сот аны үч кишини өлтүргөнү үчүн өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм кылган.

Туугандары менен адвокаттары анын актыгын айтып көшөрүп жүрүп, анын иши 2010-жылы жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрадан каралган.

Жогорку сот Жыргалбек Сурабалдиевди өлтүрүүгө Мамбеталиевдин тиешеси жок деген чечим чыгарган. Башка иштер боюнча ал 15 жылга соттолуп, бирок абак мөөнөтү мунапыс менен азайтылган. Натыйжада ал 2010-жылы эркиндикке чыккан.

ТЕМА БОЮНЧА:


Атамбаевдин мурдагы жансакчысы оппозициячыл саясатчыны «Фейсбукта» жазганы үчүн сотко берди