Башкы прокуратура Сапар Исаковдун мыйзамсыз байыганын четке какты

Оппозициячы Адил Турдукулов президент аппаратынын жетекчисинин орун басары Сапар Исаковду мыйзамсыз байыган деп айыптады. Анын айыптоосуна чиновник тарабынан сатып алынган кыймылсыз мүлк себеп болгон. Башкы прокуратура мыйзамсыз баюу боюнча факттарды тапкан эмес.

Башкы көзөмөлдөөчү орган президент аппаратынын башчысынын орун басары Сапар Исаковдун 4 миллион сомго батир сатып алганында эч кандай мыйзам бузуу тапкан эмес. Ошол эле убакта Исаковдун жылдык кирешеси бир топ эле төмөн, 850 миң сом болуп эсептелет.

Башкы прокуратура билдиргендей, Исаков кыймылсыз мүлк үчүн акчаны мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп тапкан. Көзөмөлдөөчү орган чиновниктин ишмердүүлүгүнөн эч кандай мыйзам бузуу тапкан эмес.

Президент аппаратынын башчысынын орун басарын текшерүүгө оппозициячы Адил Турдукуловдун өтүнүчү себеп болгон. Сатып алган батиринен улап Исаковго каршы иш козгоону Турдукулов Башкы прокуратурадан өтүнгөн.

Чиновник 127 квадрат метр аянтты ээлеген батирди сатып алуу үчүн дээрлик 4 миллион сом сарптаган. Ал эми 2014-жылдагы декларациясында ал болжолдуу 850 миң сом иштеп тапканын көрсөткөн.

Турдукулов Исаковду мыйзамсыз баюу боюнча айыптап, ал кайсы акчага батир сатып алганын түшүндүрүшү керек экенин билдирген.

«Мен Сапар Исаков менен Тышкы иштер министрлигинде 2007-2008-жылдары иштегем жана бир жакшы билем: ал өзүнүн декларациясында, мисалы, бизнеси бар экенин көрсөткөн эмес. Айрым кирешелерин ал жөн гана декларацияга киргизген эмес, бул болсо кошумча териштирүүнү талап кылат», — деген Турдукулов.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча мыйзамсыз баюу үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратууга өкүм чыгарылышы мүмкүн. Атайын кызматтар 2015-жылы коргоо министринин мурдагы орун басары Нуркалый Жумабаевди айыпташкан.

Сапар Исаков Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамдарынын бири. Ангела Меркель менен болгон жолугушуусунда Атамбаев аны өзүнүн «оң колу» деп атаган.

Анын тышкы байланыштар боюнча бөлүмдүн жетекчилик кызматы президент аппаратынын жетекчисинин орун басарлыгына тете.

Сапар Исаков соңку беш жылдан бери тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматын ээлеп келет.

Президент аппаратына чейин Исаков Убактылуу өкмөттүн эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси болгон, ошондой эле Өнүгүү боюнча борбордук агенттикте, Өкмөт аппаратында жана ТИМде иштеген.