Москва: Кыргыз мигранттары текшерүү менен депортациянын күчөшүнө каршы митинг өткөрүштү

Кыргызстандык мигранттардын тобу Москвада 9-декабрда өз элчилигинин алдында митинг өткөрүштү. Нааразылык акциясы Орусия полициясы тарабынан текшерүү, кармоо жана депортация күчөп кеткенине байланыштуу болду. Митингчилердин бир бөлүгүн полициячылар кармап кетишти.

Акциянын катышуучулары мигранттар үчүн «Москва KG» аттуу маалымат-маанайшат гезитин чыгарган Жылдыз Осмонованын «Фейсбуктагы» жарыясынан кийин митингге чогулушкан.

Осмонова кыргызстандыктарды элчиликтин алдында чогулууга жана Орусияда кыргыз мигранттарын текшерүү жана кармоо күчөп кеткенине каршы пикир айтууга чакырган.

Элчиликтин басма сөз атташеси Гүлбарчын Байымбетованын айтымында, акцияга элүүдөй киши келди. Митингге чыккандар «көйгөйлүү» маселелер боюнча — каттоону текшерүү, күчөп кеткен депортация жана Кыргызстанга жүк 200дү жеткирүү боюнча пикирин айтышты.

«Андан тышкары чогулгандар кыздар боюнча маселе көтөрүштү ― мигранттар кыздарыбыздын 23 жашка чейин өлкөдөн чыгышына тыюу салууну сунуш кылып жатышат. Алар муну кыздар жаштыгында көп жаңылып-жазгандыгы менен түшүндүрүшөт. Биз расмий кат жазууну сунуш кылдык, аны Кыргызстандын парламентине кароого жиберебиз», — деди басма сөз катчысы.

Митингдегилер менен жолугушууга консул Анвар Тохтахожаев чыгып, көтөрүлгөн маселелер боюнча чара көрүлө тургандыгына убада берди.

Элчиликтегилер «жакынкы күндөрү» Орусиянын ИИМинин миграциялык бөлүмүнүн жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүшөөрүн кабарлашты.

Митингдин катышуучусу Тилек Таалайбеков «Фэйсбуктагы» «АКЫРКЫ МААЛЫМАТТАР» тобуна акцияда ОМОНдун аскерлери турушканын билдирди.

Таалайбеков видео тартып, анда аны жана дагы бир нече митингчини кармап алып коё беришкенин кабарлады.

«Биз өз өлкөбүздүн элчилигине коргоо күтүп келдик, алар болсо бизди "Буларды текшергиле" деп полиция кызматкерлерине салып беришти. Мына суукта турабыз. Бизди көчөдө калтырып коюшту. Биз курал же автомат менен келген жокпуз. Ушундай болот экен, достор. Биз болсо элчиликке үмүт артып келдик эле», — деди ал.

Талаайбеков укук коргоо органдарына элчиликтин кызматкерлери кайрылышканын билдирди. Бирок элчиликтегилер муну танып жатышат.

Байымбетованын айтымында, өтө турган митинг тууралуу коомдук түйүндөрдө такай жарыя болуп тургандыктан, Орусиянын ИИМинин кызматкерлери пландалган митингге өздөрү кызыгып келишкен.

Мигранттар «коопсуздукту күчөтпөйт»

Москванын мэри Сергей Собянин 28-ноябрда кыргыз мигранттары Орусиянын башкалаасынын «коопсуздугун күчөтпөй тургандыгын» айтып, полицияны мыйзамсыз миграцияны токтотууга үндөгөн.

«Ар кандай баалар боюнча, бүгүн шаарда мигранттардын 40 пайыздан ашыгы мыйзамсыз иштеп жүрөт. Баарыдан мурда бул Москвада жашап жүргөн, Орусияда 90 күндөн азыраак жашап, ошондуктан каттоодон өтпөгөн вахтачылар деп атаган мигранттарга тиешелүү», — деди ал.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги 29-ноябрда Собянинге жооп кайтарып, орусиялыктар өздөрү кызматчыларын каттагысы келбей, Орусиянын мыйзамдарын бузуп жатышканын билдирген.

Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин Орусияга кеткен мигранттардын агымы күч алды. Расмий маалыматтар боюнча, 2016-жылдын январына карата алардын саны 553 миң 910 кишиге жетти.