Айбанаттар ачкадан өлбөй турган болду. Караколдогу зоопаркка акча бөлүндү

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик «Бугу Эне» фондунун зоопаркына каржылоо планы боюнча калган 500 миң сомду которуп берди. Эми администрация жаныбарларга тоют сатып алса болот. Бирок зоопарктын каржылык отчетторун текшерүү дагы эле улантылууда.

«Бугу Эне» фондунун директору Салтанат Сеитова зоопаркка айбанаттардын тамак-ашына калган 500 миң сом бөлүнүп берилгенин кабарлады.

«Бүгүн фонддун эсебине акча түштү. Отчеттордун баарын бердик, азыр алар боюнча текшерүү дагы эле жүрүп жатат», — деди ал.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Жылдыз Дүйшөнованын айтымында, отчеттор боюнча текшерүү ноябрдын аягында эле башталган.

Каракол зоопаркында карышкырлар үйүрү менен жашайт.

Ноябрдын аягында «Бугу Эне» фондунун директору Салтанат Сеитова Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргызстандагы бирден-бир зоопаркты каржылоону токтотуп койгонун билдирген. Зоопарктын кызматкерлери жаныбарларга тоют алыш үчүн өз айлыгын берүүгө аргасыз болушкан.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик зоопаркты каржылоонун токтотулушун зоопарктын администрациясы өз убагында отчет тапшырбаганы менен түшүндүргөн.

Сүлөөсүн — Каракол зоопаркында жашаган айбанаттардын бири.

Агенттик «Бугу Эне» фондунун өкүлдөрү 4,5 миллион сомдук каржылоо тууралуу өтүнмө менен кайрылышканын билдирген. Бул сумманы агенттик бекитип, төлөп берип, план боюнча 500 миң сом гана калган болчу.

Келишим боюнча «Бугу-Эне» фонду акчанын пайдаланылышы тууралуу докуметтердин көчүрмөлөрүн берген эмес.

Сеитова контрактта отчет тапшыруунун так даталары жазылбаганын Kloop.kg менен болгон маекте билдирди.

Каракол зоопаркындагы чүткөлөрдүн үйүрү.

Зоопарктын жаныбарлары ачкачылык алдында турушкан

Зоопарк акча каражаттарын үч башка булактан — «Кумтөр» алтын кен корпорациясынан, Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктен жана NABU уюмунан (Германиянын Жаратылышты коргоо бирикмеси, Кызыл китепке кирген жаныбарларды багууга акча бөлөт) алчу.

2016-жылдын ноябрынан тартып мамлекеттик агенттик Кыргызстандагы бирден-бир зоопаркты каржылоону токтотуп койгон.

35 түрдүү 150 жаныбар тамак-ашы жок калышы мүмкүн болчу.

Караколдогу Симба ачка калышы мүмкүн болчу.

Караколдогу зоопарк 1987-жылы салынган. Бирок Советтер Союзу тарап кеткенине байланыштуу курулуш токтоп калып, зоопарктын өнүгүшүнө көңүл бөлүнгөн эмес.

2013-жылдан тартып Караколдогу зоопарк «Бугу-Эне» коомдук фондунун балансына өткөрүлүп берилген.

ТЕМА БОЮНЧА МАТЕРИАЛ:


Караколдогу зоопарк: Мындан аркы каржылоо жөнүндө сүйлөшүүлөр башталды