Ош мэринин айдоочусу жол кыймыл эрежесин бузганы үчүн 1000 сом айыпка жыгылды

Ош мэри Айтмамат Кадырбаевдин айдоочусу жол кыймыл эрежесин бузганын моюнга алды — ал кызыл жарыкка өтүп кеткени үчүн 1000 сом штраф тартмак болду.

Мэрдин айдоочусу Дамирбек Маткасымов «Тойота Лэнд Круизер 200» автоунаасын айдап баратып кызыл жарыкка өтүп кеткенин моюнга алды. Эреженин бузулушун окуяны көргөн киши видего тартып алып, ал «АКИпресс» сайтында жарык көргөн.

Адегенде Маткасымов автоунаада болбогонун айтты эле, бирок жарандар мамлекеттик номерди жана автоунаанын өзүн таанып калышкандан кийин ал чын эле шашып баратып кызыл жарыкка өтүп кеткенин моюнга алды.

«Жарандар анын кызыл жарыкка өтүп кеткенин далилдешти. Айдоочу шашып баратып жол кыймыл эрежесин бузганын моюнга алды», — деди Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Ош милициясынын өкүлү Маткасымов эреже бузганы үчүн 1000 сом штраф төлөй турганын кошумчалады.

Мэрдин басма сөз катчысы Гүлжамал Жороева видео менен болгон окуяны кайра эле мэрге каршы «кара пиар» деп баалап, бирок Оштун коомчулугу автоунаанын номерин таанып калгандан кийин эмне үчүн айдоочу эреже бузганын моюнга алганын түшүндүрө албай койду.

Мурда милиция автоунаанын номерин видеонун «начар сапатынан улам» тааный албай койгонун, ошондуктан жол кыймыл эрежесин бузган айдоочуну жоопко тартпай жатканын билдирген эле.

«[Кайгуул милициясынын кызматкерлери] бул видеону карап чыгышты. Бирок номери боюнча ал чын эле мэрге таандык экенин тааный албай коюшту. Айдоочу да автоунаа ага тиешелүү эмес экенин айтыптыр. Азыр алар видеодогу автоунааны издеп жатышат, балким башка автоунаа болушу да мүмкүн», — деген болчу милициянын өкүлү.

Кадырбаев өз жообунда автоунаа үчүн жоопкерчилик тартпай тургандыгын, айдоочусу жол коопсуздук эрежесин бузса, мыйзам алдында жооп бериши керек экенин билдирген.

«Ооба, менин кызматтык автоунаамдын номери 0001 ZA. Бирок мен айдоочу үчүн жооп бербейм. Кайгуул милициясы бар, айдоочуга карата ошол чара көрсүн. Ал катардагы айдоочу, башкалардан эч нерсеси менен айырмаланбайт. Эгерде мыйзамды бузган болсо, мыйзам боюнча жооп берсин», — деген болчу мэр.

«Тойота Лэнд Круизер 200» автоунаасы мэр Кадырбаевге Оштогу Кытай консулдугунан тартууга келген. Мындай комплектациядагы автоунаанын болжолдуу базар баасы төрт миллиондон жети миллион сомго чейин турат. Шаар башчы бул автоунаа менен ноябрдан бери жүрөт.