Бишкек мэриясы активист Садыбакасовду көчө көрнөкчөлөрүн орноткону үчүн айыпка жыгат

Активист Атай Садыбакасов Кыргызстандын борборунда көчөлөрдүн аттары англисче жана кыргызча жазылган жол көрсөткүтөрүн орноткон эле. Бишкек мэриясы аларды ордунан алып таштап, активистке көрсөткүчтөрдү мыйзамсыз орноткону үчун штраф салмак болду.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык кызматынын башчысы Мирлан Амантуров Sputnik.kg маалымат каражатына мэрия активистке штраф салаарын айтты.

«Эгерде мамылар жана жол белгилери зыян тартпаса, анда бригадалардын барып иштегенин төлөп бериш керек — анысы 1-2 миң сом. Бирок эгерде мамылар менен белгилер зыян тарткан болсо, демилгечи 6 миң сом төлөйт», — деди Амантуров.

Көрнөкчөлөрдү алып таштоонун себеби — жол белгилерине чоочун буюмдарды жайгаштырууга тыюу салынышы.

«Мыйзам боюнча, жол белгилери турган жерде чоочун буюмдар болбошу керек, анткени ал айдоочуларды алаксытып, жолтоо болот. Айдоочу сактыгынан тайып жөө кишилерди койдуруп кетиши мүмкүн. Бул мыйзамга каршы келет», — деди Амантуров.

Активист аларды 13-декабрдан 14үнө караган түнү башкалаанын айрым көчөлөрүнө орнотуп чыккан. Садыбакасов «Фэйсбуктагы» жарыясында өз аракеттерин «түнкү партизандык монтаж» деп атаган. Акциянын максаты — шаар тургундарына жана башкалаанын меймандарына адашпай жол таап жүрүүгө жардам берүү болчу.

Садыбакасов — мурдагы президент Роза Отунбаеванын уулу — мындай жарандык акцияларды биринчи жолу өткөрүп жаткан жок. Алсак, Бишкек мэриясы 2013-жылы январдын аягында активист 30 миң сомго Жаш Гвардия бульварына орноткон 22 чыракты алдырып салган.

Алып салууга уруксат документтеринин жоктугу расмий себеп болгон. Алынып ташталган активисттин чырактарынын ордуна «Бишкекжарыктын» кызматкерлери активист жумшаган баага жана стандартка туура келген 10 чырак орнотуп коюшкан.

ТЕМА БОЮНЧА:


Бишкек мэриясы Отунбаеванын уулунун чырактарынын ордуна жаңыларын орнотуп жатат