Мурдагы билим берүү министри Сариева Атамбаевдин администрациясында социалдык саясат бөлүмүн жетектейт

Президент Алмазбек Атамбаев Элвира Сариеваны президенттик аппараттын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Сариева эки жылча билим берүү министри болуп иштеген.

Мурдагы билим берүү министри Элвира Сариева Атамбаевдин администрациясында социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп калды. Дайындоо тууралуу жарлыкка президент кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул кызмат Гүлмира Кудайбердиева 2015-жылдын ноябрында калтырып кеткенден бери бош турган.

Сариева Билим берүү министрлигин эки жыл жетектеген. Ал өз кызматын быйыл октябрда тапшырды. «Фейсбуктагы» өз баракчасында ал кызматтан өз ыктыяры менен кетип жатканын түшүндүргөн. Өз сөзү боюнча, анын кызматтан кетишине «жеке кырдаалы жана үй-бүлөлүк жагдайы» себеп болгон.

Өз билдирүүсүндө ал өзү министр болуп иштеп турганда мектепке чейинки билим берүүнүн сапаты оңолгонун жана мектеп программасы жаңыртылганын жазган.

Ал ошондой эле өзү иштеп турган убакта мекеме орто кесиптик билим берүү программасын бириктирип бүтүп, жогорку окуу жайларындагы 200 кайталанма адистиктерди кыскартып, алардын окутуучуларынын эмгек акысын көтөргөнүн билдирген.

Мурдагы билим берүү министри өз кызмат жолун Internews Network уюмунун өкүлчүлүгүндө 1998-жылдан 2002-жылга чейин редактор жана директордун орун басары катары катары иштеп баштаган.

2002-жылдан 2007-жылга чейин ал «Интерньюс» КБнын аткаруучу директору болгон.

Сариева ар кайсы учурларда шаардык кеңештин депутаты, Бишкекти өнүктүрүү стратегиясы боюнча комиссиянын төрайымы, «ЦЕХ» лофтунун башкаруучусу жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп иштеген.