Орусия футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрбөй калышы мүмкүн

ФИФА Орусия футбол союзунун президенти Виталий Муткого карата иликтөө ишин баштады. Эгер анын орусиялык спортчулардын допинг жаңжалына тиешеси далилденсе, анда футбол боюнча 2018-жылдагы дүйнө чемпионаты Орусиядан башка өлкөдө өткөрүлүшү мүмкүн.

Британиялык Daily Mail басылмасынын маалыматы боюнча, Футбол боюнча эл аралык федерация (ФИФА) Виталий Мутконун Орусиядагы мамлекеттик деңгээлде допингди колдоого тиешеси бар-жок экенин текшерүү ниетинде.

Иликтөө ишин жүргүзүүгө канадалык юрист Ричард Макларендин орусиялык спортчулардын допинг-пробаларынын алмаштырылганы боючна доклады түрткү болгон.

Докладда келтирилген далилдерге ылайык, системалык түрдө допинг-пробалардын алмаштырылып турушу Орусиянын спорт министрлиги тарабынан колдоого алынып турган. Аталган министрликти 2016-жылдын октябрына чейин Виталий Мутко жетектеген болчу.

Мурдагы спорт министринин көп жылдык көз боёмочулукка байланышы далилденсе, Мутко футболдук ишмердүүлүгүнөн четтетилип, ал эми 2018-жылда өтө турчу футбол боюнча дүйнө чемпионаты Орусиядан башка өлкөдө өткөрүлүп калышы ыктымал.

ФИФАнын мурдагы президенти Йозеф Блаттер дүйнөлүк чемпионатты Орусиядан башка жакка которууну катастрофа деп атаган.

«Эгерде дүйнөлүк геосаясий факторлордун эске алсак, анда Орусиядан 2018-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү укугун алып салуу катастрофа болуп калат», — деп билдирген Блаттер.

Мутко өзү болсо ФИФАдан иликтөө боюнча эч кандай билдирүү албаганын айткан. «Мындай билдирүүлөргө мен жайбаракат мамиле кылам», — деген ал.

Буга чейин Орусия бобслей жана скелетон боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү укугунан ажыраган.

Орусия футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү укугун 2009-жылы алган. Чемпионат 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлуна чейин Орусиянын 11 шаарында өтүшү керек.

Сүрөт: AFP