Бишкектеги үйү жоктор үчүн «Коломто» башкалкасы 18 жылдан бери иштейт. Жыл сайын башкалка аркылуу 900дөй киши өтөт. Үйү жок адамдар үчүн кыш мезгили эң кыйын учур болот, ошондуктан алардын көбү башкалкага жардам сурап кайрылышат.
«Коломто» башкалкасынын директору Айгүл Сманолиеванын айтымында, үйү жокторду негизинен тез жардам менен милиция алып келет.
«Алар кимдир бирөө кыйын абалда калса аны бул жакка алып келишет», — дейт ал.
Дем алышсыз иштеген баш калкага көчөдө калган кандай адам болсо да келип түнөп кете алат. Үйү жоктор күнүнө бир жолу биринчи жана экинчи түрү кылып ысык тамак ичишет.
Башкалкага келген ар бир адам медициналык текшерүүдөн өтөт. Сманолиеванын айтымында, текшерүүгө кургак учуктун бар-жогун билиш үчүн өпкөнү рентгенге тартуу, жугуштуу оорулардын жана ОРВОнун белгилери бар-жогун билиш үчүн канды талдоо кирет.
«Эгерде ушул оорулар бар болуп чыкса, биз ал кишини дароо тубдиспансерге же тиешелүү медициналык мекеге жиберебиз», — дейт Сманолиева.
Үйү жокторго таза кийим жана ысык ванна берилет. Башкалкада үч айга чейин кала бергенге уруксат. Эгерде адам карылыгы жетип же майыптардын катарында болсо, ал башкалкада кала берсе болот.
Сманолиеванын айтымында, башкалканы толугу менен мамлекет камсыз кылат — ага эмгек акы, дары-дармектер жана тамак-аш кирет.
«Демөөрчүлөрдүн арасынан ар ким өз алдынча буюм алып келет, кээ бири бир килограмм күрүч же бир банка кайнатма ала келет, ал эми тыштан каржылык жардам албайбыз», — деди ал.
Кыштан аман чыгуу
Көптөгөн үй-жайы жоктор үчүн башкалка — кыштан аман чыгып, андан ары жашоого аракет кылуунун жолу.
25теги Андрейдин айтымында, ал бала кезинен бери эле үйү жок. Ал ичкилик ичпейт, тамеки чекпейт жана мүмкүн болушунча колунан келген жерден иштеп акча табат.
«Бул башкалкада биринчи жолу болушум, үч ай өттү, мен болсо көчөдө болчумун. Кыш айларында мен атайын түнөп алыш үчүн жумушка барчумун, мал карачумун. Алдап кеткендер да болгон, кээде жакшы адамдарга, кээде жамандарына туш болдум», — деди ал.
Андрей мамлекеттен эч кандай жардам күтпөгөнүн жана азырынча туруктуу иш таба электигин айтат.
Үйү жок Нина Запопадько туугандарынын айынан турак жайынан кол жууп калган. Анын айтымында, анын үйүн тартып алууга укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышкан.
«Үйдүн документтери жасалма даярдалып, мен эми ушул жерде [башкалкада] отуруп калдым. Башымды батыргыдай жер болгону үчүн абдан чоң ыраазычылык билдирем», — деди ал.
Аны башкалар сыяктуу эле башкалкага жеткирип келишкен.
«Мен үч күндөн бери көчөдө жатып калып, бутум баспай бараткан. Ушул жакка алып келишти. Жан дили менен кабыл алышты, баш тартышкан жок. Бутум акырындап оңолуп келатат, кыймылдай баштадым, ийне сайып жатышат», — дейт Запопадько.
Запопадько ошондой эле баш калка аны жугуштуу оорудан дарылаганан да кошумчалады.
Акыркы баш паанек
Айрым адамдар үчүн башкалка алардын акыркы жайы болуп эсептелет. Үйү жок Светлана Солдаткина 15 жыл бою көчөдө жашаган. Персоналдын айтымында анын үч айлык өмүрү калды.
«Менин боорумда цирроз бар, үмүт чиркин үзүлбөйт дечи, мен кайрылсам менин оорумду өтүшө элек, жаңыдан эле башталды дешти, бирок эмнеси болсо да акыры болчусу болот да», — дейт ал.
Ден соолугу начарлай баштаары менен ал Margaret калыбына келтирүү борборуна, андан кийин онкологиялык борборго барган.
«Мен ал жактан толук текшерилип, алар менден суюктук сордуруп алып кайсы бир убактан кийин ушул жакка бекитишти», — деди ал.
Солдаткинанын айтымында, ал күйөөсү менен ажырашкандан кийин үйсүз калган, ал эми үйү документтери менен кошо өрттөнүп кеткен.
«Бизге үч миң сомдон акча төлөп берип ошону менен эсептештик деп тим болушту. Үч миң сом деген болбогон эле акча да. Анан албетте, ден соолук бар кезде иштедим, батир жалдадым, ден соолук начарлагандан кийин иштегенге болбой калды», — деди ал.
Солдаткина ага мамлекет эч нерсе менен жардам бербегенин, дарылар болсо кымбат экенин айтат.
Үйү жок Борис Цой деген абышка башкалкада былтыртан бери жашайт. Ал иш таба албай койгон, анткени бир топ жыл түрмөдө отурган. Цой — билими боюнча юрист, тергөөчү болуп иштеген.
Ал кылмышкерлерди пара үчүн боштондуккка чыгаруудан баш тартканы үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп түрмөгө отургузушкан.
«Сегиз жыл отурдум, андан кийин Орусияга кетүүгө мажбур болдум. Жашоону жаңыдан баштамакчы болуп, фермер болоюн дедим, бирок түрмөгө түштү деген жаманаттым үчүн эч жерге албай коюшту. Мен акталсам да аброюма так калтырып коюшту, адистигим боюнча иштегидей, насыя алгыдай мүмкүнчүлүгүмдөн ажыратышты, ал жакта ирдене албай койдум», — дейт ал.
Цой «Коломтодо» жашоо ага ыңгайлуу экенин, анткени аны директор түшүнөөрүн айтат.
Видео: Александра Ли
ТЕМА БОЮНЧА:
Сүрөт баян: Бишкектеги үй-жайсыз адамдардын башкалка жайындагы жашоо