Германия: Жаңы жылдык базарга кол салуу боюнча иште жаңы шектүү пайда болду

Жаңы шектүү — тунистик Анис Амри, болжолдуу коркунуч туудурган адамдардын тизмесине кирген. Анын кармалышы үчүн Берлин 100 миң евро төлөп берээрин билдирүүдө.

Тунистик Анис Амрини бүт Евробиримдик боюнча издеп жатышат. Анын кармалышы үчүн Германиянын бийлиги 100 миң евро убада берүүдө. Полиция аны камоого ордер жазып берди.

Анис Амрини камакка алууга ордер.

Мында Германиянын ИИМи Амри — «сөзсүз эле кылмышкер болуп чыкпай турган шектүү» экенин баса белгилөөдө.

Немистердин Spiegel басылмасы жаңы жылдык жарманкеде элди тебелеткен жүк ташуучу автоунаада Амринин күбөлүгү табылганын жазып жатат.

Мурунку шектүү — пакистандкы Навед Б. — кое берилди. Полиция кызматкерлери Наведдин күнөөсү бар экенинен мурун эле шек санашкан, ал окуяны өз көзү мененкөргөн кишинин билдирүүсүнөн улам камакка алынган болчу. Пакистандык жаран кылмышка тиешеси бар экенин танып келген.

Анис Амри деген ким?

Жаңы жылдык базарга кол салуу боюнча шектүү Анис Амри 24 жашта. Сүрөт: Bild

Анис Амри — 24 жаштагы мыйзамсыз мигрант, аны немис полициясы 2016-жылдын мартынан сентябрына чейин байкап жүргөн. Амри атайын кызматтардын тизмесинде коркунуч туудурган жаран катары катталган.

Европада Анис Амри 2011-жылдан тартып үч башка: тунистик, мисирдик жана ливандык паспорт менен жүрөт.

Ал Туниске кайра жөнөтүлмөк, бирок зарыл документтер жок болгондуктан аны кетире албай коюшкан. Мигрантты мекенине кайтаруу үчүн зарыл болгон документтерди Тунис жаңы жылдык базарга кол салуудан кийин жиберип калды.

Марттан сентябрга чейин Анис Амри баңгизат сатканы жана барларда мушташканы менен гана көзгө урунган, ошондуктан анын артынан аңдуу токтотулган. Германиянын атайын кызматтары катасын моюнга алышты, мыйзам боюнча алар коркунучтуу адамдардын тизмесине кирген кишини андан ары байкап жүрүшү керек эле.

Британ радиоуктуруу корпорациясынын (ВВС) араб кызматы Амри Тунистин Татавин шаарында 1992-жылы туулганын аныктап чыкты. Мекенинде ал радикалдуу исламдын тарапкери катары белгилүү болгон.

Таблоид Bild тунис жараны ИГИЛ менен байланышта болгон деп ырастайт. Жаңы жылдык жарманкедеги террордук аракет үчүн «Ислам мамлекети» өзүнө жоопкерчилик алган.

Полициянын маалыматы боюнча, тунис жараны коркунучтуу жана куралдуу болчу. Мындан тышкары, жүк ташуучу автоунаанын чыныгы айдоочусу Лукаш Урбан менен күрөшүп жатып Анис Амри жарадар болушу мүмкүн эле. Лукаш Урбандын денеси жүк ташуучу автоунанын жүргүнчүлөр отурган отургучунда октон жана бычактан алган жаракаттары менен табылган.

Жаңы жылдык жармаңкедеги трагедия

Лукаш Урбан — автобустун киши колдуу болгон айдоочусу, эмгиче трагедиянын жападан-жалгыз так таанылган курмандыгы. Сүрөт: BBC

Жаңы жылдык жармаңкеде элди тебелеткен жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу — азырынча террордук аракеттин жападан-жалгыз так таанылган курмандыгы. Полициянын версиясы боюнча, Лукаш Урбан бычак тийип жарадар болуп, бирок ошого карабай элди тебелетүүгө каршылык көрсөтмөк болгону үчүн атып өлтүрүлгөн.

Жаңы жылдык жармаңкеге кол салуудан 12 киши курман болгон — алар таанылбай калды, ким экендиги боюнча версиялар гана бар. Окуя болгон жерде документтер менен телефондор табылган, алар боюнча курман болгондордун өздүгүн аныктоо аракети жүрүп жатат. 48 киши жарадар болгон. Алардын көбү оор жаракат алган.

Жаңы жылдык жармаңкедеги каргаша. Сүрөт: BBC

Жүк ташуучу автоунаа тебелеп кирип барган жаңы жылдык жармаңке Батыш Берлиндин эл толгон борборундагы Брайтшайдплатц аянтында жайгашкан.

Кол салуу 10-декабрда базарда киши көп маалда — жергиликтүү убакыт боюнча дээрлик 21:00дө болгон.

Германиянын бийлиги жаңы жылдык базарга кол салууну террордук аракет деп атады. Германиянын ИИМи Жаңы жылга карата бүт Германия боюнча коопсуздук чараларын күчөттү.

ТЕМА БОЮНЧА:


Берлинде жаңы жылдык базарга кол салуудан 12 киши курман болду [жаңыланды]