Берлинде жаңы жылдык базарга кол салуудан 12 киши курман болду [жаңыланды]

Берлиндин борборунда жаңы жылдык базарды жүк ташуучу автоунаа тебелетип кеткенден кийин 12 киши курман болуп, 48и жарадар болду.

Берлиндин ички иштер боюнча сенатору Андреас Гайзелдин айтымында, бул атайылап кол салуу же кокус болгон каргашабы азырынча түшүнүксүз.

12 кишинин курман болгону расмий тастыкталды, жарадарлардын саны 48, алардын айрымдары өтө оор абалда.

Автоунаанын ыктымал айдоочусу кармалып, анын жүргүнчүсү каза болгон.

Автомобиль Польшада катталган, польшалык ЖМКнын божомолу боюнча ал дүйшөмбү күнү уурдалган болушу мүмкүн.

Унаа Польшадагы жүк ташуучу компанияга таандык болгон. Ал эми каза болгон жүргүнчү анын алгачкы айдоочусу болуп чыккан. Айдоочу менен компания дүйшөмбү күнү саат 16ларда байланыша албай калган.

Автоунаа тебелеп кирип барган жаңы жылдык базар Батыш Берлиндин эл көп борборундагы Брайтшайдплатц аянтында жайгашкан.

Чабуулдун кесепеттери тууралуу видео:

Кол салуу базарда киши көп кезде — жергиликтүү убакыт боюнча дээрлик саат 21:00дө болгон.

«Берлинер Моргенпост» гезитинде иштеген Ян Холлитцер каргаша болгон жерге жетип барган журналисттердин бири болчу.

«Мен катуу чыккан үндү угуп, баш-аламан болуп калган жаңы жылдык базарды көздөй чуркап бардым. Жарадарлар абдан көп экен, бул өтө жаман окуя болду», — деди ал Си-эн-эн телеканалынын эфиринде.

Башкы сүрөт: Reuters