ЭОК акыркы үч Олимпиадага катышкан орусиялык спортчулардын сынам үлгүлөрүн кайра текшерет

Эл аралык олимпиада комитетинин (ЭОК) башчысы Ричард Бах Ванкуверде, Лондондо жана Сочиде өткөн Олимпиада оюндарына катышкан бардык орусиялык спортчулардын сынам үлгүлөрү кайрадан текшерилээрин билдирди.

Ричард Бахтын айтымында, орусиялык спортчулардын сынам үлгүлөрүн текшерүү канадалык юрист Ричард Макларендин баяндамасынын түздөн-түз уландысы болуп эсептелет.

«ЭОК Сочиде жана Лондондо Олимпиада оюндарына катышкан орусиялык спортчулардын бардык үлгүлөрүн кайрадан талдоо аркылуу бул отчеттун алкагынан чыгат», — деген Бахтын сөзү ЭОКтун басма сөз баракчасында келтирилет.

Ошондой эле ЭОК 2010-жылы Ванкуверде өткөн Олимпиаданын алдында орусиялык спортчулардан алынган допинг-сынамдарга кайрадан талдоо жүргүзөт.

Мындан тышкары, ЭОК Сочиде өткөн Олимпиадага катышкан 28 спортчуга карата тартип иликтөөсүн баштады.

Орусиялык спортчулардын допинг-сынамдарын алмаштырып коюу жөнүндө канадалык юрист Ричард Макларендин баяндамасынын экинчи бөлүгү декабрдын башында жарык көргөн. Баяндамада орусиялык спортчулардын допинг-сынамдары такай алмаштырылып, бул адат мамлекеттик деңгээлде колдоого алынганына далилдер келтирилген.

ТЕМА БОЮНЧА:


Макларендин баяндамасы: Орусиялык спортчулардын допинг-сынамдары бурмаланган

Сүрөт: ЭОКтун расмий сайты