Памир кыргыздары Кыргызстанда окуй алышат

Кыргызстан менен Ооганстандын ортосунда түзүлгөн меморандумга ылайык Памир кыргыздарынын балдары Кыргызстанда билим ала алышат. Тарыхый мекенине балдар үй-бүлөсүндөгү улуу кишилер менен кошо жөнөтүлөт.

Эки өлкө ортосунда «Кичи жана Улуу Памирде жашаган кыргыздардын маселелерин чечүү боюнча өз ара кызматташтык жөнүндө» меморандумга 2016-жылдын 25-декабрында кол коюлган.

Ага чейин Ооганстан кыргыздарды тарыхый мекенине кайтарууга жана окутууга макулдук бербей келген.

Кол коюлган документтин шарапаты менен Памир кыргыздарынын балдары ата-энеси менен кошо Кыргызстанга билим алганы келсе болот. Ырас, памирликтерди Кыргызстанга жөнөтө турган убакыт аныктала элек.

Идеяны ишке ашырыш үчүн паспорт маселесин чечиш керек.

Миграция кызматынын маалыматы боюнча, памирликтердин 95 пайызында өздүгүн тастыктаган документ жок же чек арадан өтүүгө жол бербей турган ички паспорт гана бар. Памирлик балдардын Кыргызстанда билим алышына шарт түзүш үчүн аларды чет элдик паспорт менен камсыз кылыш керек.

Миграция кызматынын өкүлү Жыпара Мамытова маселенин чечилиши Ооганстандан көз каранды дейт.

«Бул ооган бийлигинен көз каранды. Эгерде аларга чет элдик паспорт берилсе, биз эртең эле аларга билим алууга шарт түзөбүз», — деди ал.

Ооганстандын тоолорунда кыйын шартта жашап жаткан памирлик кыргыздардын ден соолугунун начарлыгына байланыштуу бул долбоорго Саламаттык сактоо министрлиги да тартылган.

Өкмөт аппаратынын тапшырмасы менен министрлик бир жума ичинде памирликтер менен иш жүргүзүү боюнча план түзүп чыгышы керек.

Азыркы памирлик кыргыздар — Ооганстанга 1930-жылга чейин көчүп барган кыргыздардын тукумдары. Алар Улуу жана Кичүү Памирдин тоолорунда кыйын шартта билим алууга, саламаттыгын оңдоого мүмкүнчүлүгү жок жерде жашашат.

Памирликтерди тарыхый мекенине кайтарып келүү маселеси Кыргызстандын өкмөтүндө далай жолу көтөрүлүп, бирок чечилбей келаткан. Жыл сайын Кыргызстан Памир тоолоруна ал жакта жашаган кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирген экспедицияларды жөнөтүп турат.

Сүрөт: Элвира Акимова

ТЕМА БОЮНЧА: